Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль. Архив

Өлкөнүн ички ишине кийлигишпеңиз. ТИМ түрк элчисине нота тапшырды

1902
(жаңыланган 17:39 06.06.2019)
5-июнда жаңжал чыккан Орок айылына түрк элчиси Женгиз Камиль Фырат да келген болчу.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камилди чакырып, нота тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

"5-июнда Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча өлкөнүн укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчи Женгиз Камиль Фырат мырзанын ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарабына министрликтин нотасы тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Ошондой эле ТИМ түрк элчисине өз аракеттери менен Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, улуттук мыйзамдарды сыйлоого чакырды.

Эске салсак, 5-июнда жаңжал чыккан Орок айылына түрк элчиси Женгиз Камиль Фырат да келген болчу. Анын келиши социалдык тармакта катуу сынга алынып, элчи Кыргызстандын ички ишине кийлигишкенге акысы жок деген сөздөр айтылган.

1902
Белгилер:
элчи, Түркия, Тышкы иштер министрлиги
Тема:
Орок айылындагы жаңжал (14)
Тема боюнча
Орок айылындагы абал — экинчи күн
Милиция Ороктогу жаңжалга катышкан депутат Кылыч Боркоевди кармап турат