ЖМК: Түрк элчисинин иши боюнча Анкара Бишкекке нота менен жооп берди

© Sputnik / Нурис АлымбаевТүркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк тарап Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат өз милдетин аткарганын, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпегенин айткан.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Анкара Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин иши боюнча Бишкекке нота менен жооп берди. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги өздүк булактарына таянып кабарлады.

Агенттиктин билдирүүсүндө,  кечээ, 7-июнда, КРдин Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, министрдин жардамчысы Седат Өнал элчиге нота тапшырган.

Ситуация в селе Орок Сокулукского района  - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Орок айылындагы акыркы абал кандай экенин билдирди
Анда түрк тарап Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат өз милдетин аткарганы, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпегени жазылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча маалыматты кечирээк берерин, азырынча тактоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Эске салсак, 5-июнда жаңжал чыккан Орок айылына түрк элчиси Женгиз Камиль Фырат да келген болчу. Анын келиши социалдык тармакта катуу сынга алынып, «элчинин Кыргызстандын ички ишине кийлигишкенге акысы жок» деген сөздөр айтылган.

Эртеси КРдин Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камилди чакырып, нота тапшырган. Ошондой эле ТИМ түрк элчисине өз аракеттери менен Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, улуттук мыйзамдарды сыйлоого чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0