ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сурөт

"Манас" аэропортунун жетекчиси ЕАЭБдин бажы тармагын тескеген министр болду

171
(жаңыланган 11:31 10.06.2019)
Буга чейин ЕАЭБдеги кызматты Мукай Кадыркулов аркалап келген.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссия (ЕЭК) коллегиясынын мүчөсү (министр) болуп Кыргызстандын атынан Нурлан Акматов дайындалды. Бул туурасында Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) маалымат кызматы билдирди.

Акматов ЕАЭБдин бажы тармагын жөнгө салуу боюнча иш алып барат. Буга чейин бул кызматты Мукай Кадыркулов аркалап келген.

Нурлан Акматов Кыргызстандын Бажы кызматына 1995-жылы катардагы инспектор катары жумушка орношуп, Мамлекеттик бажы комитетинин төрагалыгына чейин жеткен. 2011-2018-жылдары Кыргызстандагы ири ишканалардын бири "Газпромнефть Азиянын" жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын башкаруучулугунун төрагасы болгон.

Акматовдун эки жогорку билими бар. 1993-жылы Скрябин атындагы Айыл чарба институтун экономика адистиги боюнча аяктаган, ал эми 1998-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

171
Белгилер:
дайындоо, министр, бажы, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (186)
Тема боюнча
"Кыргызтелекомду" Эшмамбет Аматов жетектемей болду
ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгы менен 23 документке кол коюлду. Тизме
Кыргызстан бажы төлөмдөрүн жашырып келеби? Жээнбековдун ЕАЭБ саммитиндеги сөзү