ТИМдин экс-кызматкери өлкө 4 мамлекет менен кантип сүйлөшүү жүргүзгөнүн айтты

© Фото / МИД КРТИМнин имараты. Архив
ТИМнин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1990-жылдардагы окуянын күбөлөрү башында өлкө бийлиги "эйфорияда" болгонун белгилешти.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан кийин чек ара маселесин кантип чечкенин ЕККУ жана Венадагы эл аралык уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Лидия Иманалиева айтып берди.

Ал 1990-жылдары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде иштеген.

"Чоң "эйфорияда" элек. Биз бир тууган коңшу мамлекеттер — Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен маселени тез эле чечип алабыз деп ойлогонбуз. Бирок Кытай менен "оңой болбойт" дедик. Анткени СССР өз чек арасын 31 жыл бою тактаган да", — деди Иманалиева.

Политолог Игорь Шестаков - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: Кыргызстан ШКУнун саммитинде эң маанилүү маселени көтөрө алат
Анын айтымында, иш жүзүндө бардыгы расмий Бишкек күткөндөй болгон эмес: "Кытай менен маселени ыкчам чечип алдык. Ал эми өзбек жана тажик кесиптештер менен сүйлөшүүлөр созулуп, азыркы кезге чейин Казакстан менен да чечилбеген маселелер бар".

Эксперттердин баамында, ШКУнун боло турчу саммитинде коңшу мамлекеттердин тышкы саясаты кандай экенин байкоого болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0