Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент жаңы шайланган өлкө башчыны жеңиши менен телефондон куттуктады.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Жээнбеков боордош Казакстандын эли үчүн Токаевдин президент болуп шайланышы маанилүү жана жооптуу тандоо болгонун белгиледи. Муну менен бирге мындан аркы туруктуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишенерин айткан.

"Кыргыз-казак кызматташтыгын кеңейтүү максатында Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды", — деп айтылат маалыматта.

Президент и кандидат в президенты Казахстана Касым-Жомарт Токаев - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын президенти Токаевдин шайлоодон кийинки биринчи билдирүүсү
Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, Бишкекте өтө турчу ШКУ саммитинин ишине катышуунун алкагында жолугушуу тууралуу сүйлөшүштү.

Эске салсак, 10-июнда Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн добушуна ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0