Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив

Токаев: Бишкектеги саммитке өз статусумда барышым керек

376
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган жыйынтыгына караганда, Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын добушунун 70,6 пайызын алды.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы шаршемби күнү, 12-июнда өтүшү мүмкүн. Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясы эсептөө иштерин аякташы керек. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Токаев бүгүн Акордодо журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Эгер Борбордук шайлоо комиссиясы эсептөө иштерин аяктап, расмий отчетун жарыяласа инаугурация 12-июнда болот. 14-июнда Бишкекке, андан ары Душанбеге ири иш-чараларга катышуу үчүн барышым керек. Казакстандын президенти ал иш-чараларга өзүнүн статусунда катышканы оң", — деди Токаев.

Казакстанда 9-июнь күнү президенттик шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган жыйынтыгына караганда, Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын добушунун 70,6 пайызына ээ болду.

376
Белгилер:
шайлоо, президент, Казакстан
Тема боюнча
Казакстандын президенти Токаевдин шайлоодон кийинки биринчи билдирүүсү
Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды