Чуулуу "КТ Мобайл" компаниясына жаңы директор дайындалды

Жазылуу
Жетекчинин орун басарлары качан дайындалары азырынча белгисиз. Аталган компаниядагы иштерди иликтөө боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөн болчу.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасына директор болуп Мураталы Жакыпов дайындалды. Бул туурасында ""Кыргызтелекомдун" маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Журналисттин кебетесине асылган Туйгунаалы Абдраимов иштен алынды
Жакыповду кечээ, 10-июнда, "Кыргызтелеком" ишканасынын башкаруучулугунун мүчөлөрү шайлаган. Ал эми орун басарлары качан дайындалары азырынча белгисиз.

Жакыпов буга чейин Билим берүү министрлигинин алдындагы "Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" деп аталган секторду өнүктүрүү программасында жабдуулар боюнча адис болуп иштеген.

Эске салсак, буга чейин "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги иштебей жатып көп маяна алганы, директордун орун басары премьер-министрдин бажасынын баласы экени ачыкталган. Компаниянын айланасындагы чырдан улам жетекчилиги кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Аталган компаниядагы иштерди иликтөө боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0