Сапар алдында Жээнбеков менен Путин телефондон сүйлөштү

Жазылуу
Эки президент эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президенттер Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга Владимир Путиндин боло турган сапарын талкуулашты. Андан сырткары, эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери сүйлөшүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 13-14-июнда Бишкекте өтө турчу Шанхай кызматташтыгы уюмунун саммитине ондон ашык өлкөнүн мамлекет башчылары келет. Саммиттин алкагында 20 документке кол коюу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0