Жээнбеков Кытай убадалаган 600 млн. юанды Си Цзиньпиндин эсине салды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент КР Соооронбай Жээнбеков на встрече с председателем КНР Си Цзиньпином
Президент КР Соооронбай Жээнбеков на встрече с председателем КНР Си Цзиньпином - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеп болуп жаткан каражат мамлекеттик ички процедураларга сарпталары айтылган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда Кыргызстанга убадаланган 600 миллион юань (86,7 миллион доллардын тегереги — ред.) тууралуу эске салды.

"Апрель айындагы иш сапар учурунда 600 миллион юань жардам иретинде берилери тууралуу макулдашуулар болгон. Бул долбоордун иш жүзүнө ашарына үмүттөнөм", — деди Жээнбеков.

Председатель КНР Си Цзиньпин и президент КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Кытай биз үчүн башкы өнөктөш өлкө
Жакында эле КР президентинин аппаратынын сырткы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков кеп болуп жаткан 600 миллион юань мамлекеттик ички процедураларга сарпталарын айткан.

Эске салсак, Си Цзиньпин Бишкекке 12-июнь күнү мамлекеттик сапары менен келген. Ал Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине дагы катышмакчы. Эки тараптуу жолугушуулардын алкагында маанилүү делген 20 документке кол коюлары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0