ШКУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан

Бишкектеги ШКУ саммити. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Шанхай кызматташтык уюмуна 8 мамлекет мүчө.

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Жыйынга Кыргызстан төрагалык кылмакчы.

Шанхай кызматташтык уюмуна 8 мамлекет — Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мүчө. Ал эми Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия өлкөлөрү байкоочу катары катышат. Ушу тапта коноктордун алды келе баштады.

Жыйынды 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү ЖМКнын өкүлдөрү чагылдырат. 

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:08 13.06.2019

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Бишкекке Россия президенти Владимир Путин келип түштү.

Өлкө башчыны "Манас" аэропортунан КР президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Эки президенттин жолугушуусу да аба майдандан өттү.

17:11 13.06.2019

Бишкектин "Манас" аэропортуна Пакистандын премьер-министри Имран Хандын учагы келип конду. Өкмөт башчы ШКУ өлкө башчыларынын саммитине катышат. Белгилей кетсек, Пакистан Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөсү. 

Имран Ханды аэропорттон вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп алды. Премьер-министрдин КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу күтүлүп жатат. 

Саммит ШОС в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
17:07 13.06.2019

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Өлкө башчылар эки тараптуу мамилелердин, анын ичинде ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы алаканы өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жээнбеков Токаевди Кыргызстанга дагы бир ирет расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Ал эми Казакстандын ажосу президент статусунда алгачкы ирет чет өлкөгө болгон сапары Кыргызстанга уюштурулганына ыраазы экенин белгиледи. 

17:00 13.06.2019

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту.

Эки мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди көтөрүп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара боюнча кызматташтыкты арттыруу боюнча чаралар талкууланды.

Жээнбеков менен Мирзиеев мындан ары да эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары боюнча өз ара аркеттешүүнү тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

16:57 13.06.2019

Кыргызстанга Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко келди. Ал ШКУга мүчө өлкө башчыларынын кезектеги жыйынына катышмакчы. Лукашенкону "Манас" аэропортунан КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:53 13.06.2019

Бишкекке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев учуп келди. "Манас" аба майданынан аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Токаев 9-июнда өткөн шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болуп жеңип чыккан. Ал эми инаугурациясы 12-июнда ашыкча шаан-шөкөтсүз өттү.

Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:07 13.06.2019

ШКУ саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди. Өлкө башчысын "Манас" аба майданынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:03 13.06.2019

Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди бүгүн, 13-июнда, расмий сапары менен Кыргызстанга келди. "Манас" аэропортунан аны вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп алды.
Нарендра Моди Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчылардын саммитине катышат. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргени боюнча сапардын алкагында Модинин КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу күтүлүп жатат.
Андан сырткары бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13:11 13.06.2019

Белгилей кетсек, буга чейин ШКУ саммитине катышуу үчүн Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга менен Кытай лидери Си Цзиньпин келди. Монгол президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келсе, коңшу өлкөнүн башчысыныкы мамлекеттик сапар болуп саналат.

Кытай ШКУнун толук кандуу мүчөсү болсо, Монголия байкоочу макамга ээ.

13:09 13.06.2019

Ушу тапта "Манас" аэропортуна Афганистандын президенти Ашраф Ганинин учагы келип конду. Мейманды аба майдандан вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Гани Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. Афганистан мында байкоочу макамга ээ.

Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0