Токаев президент катары эң биринчи сапарын Кыргызстандан баштады. Сүрөттөр

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 13-июнда, Кыргызстанга келди
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 13-июнда, Кыргызстанга келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын президентинин инаугурациясы кечээ, 12-июнда өткөн болчу.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 13-июнда, Кыргызстанга келди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПрезидент Казахстана Касым-Жомарт Токаев прибыл в Кыргызстан для участия в очередном заседании Совета глав государств-членов ШОС
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 13-июнда, Кыргызстанга келди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 13-июнда, Кыргызстанга келди
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПрезидент Казахстана Касым-Жомарт Токаев прибыл в Кыргызстан для участия в очередном заседании Совета глав государств-членов ШОС
Токаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген.  - Sputnik Кыргызстан
2/2
Токаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген.
1/2
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 13-июнда, Кыргызстанга келди
2/2
Токаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген.

Токаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Боорсок менен гүл сунуп... Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпинди тосуп алды - Sputnik Кыргызстан
Боорсок менен гүл сунуп... Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпинди тосуп алды. Видео
Казакстанда узаган жекшемби күнү президенттик шайлоо өтүп, Касым-Жомарт Токаев утуп чыккан. Үч күндөн кийин, 12-июнда, президенттин инаугурациясы болуп, Токаев президенттик кызматка расмий түрдө киришти. Демек, анын мамлекет башчы катары чет өлкөгө жасаган эң биринчи сапары Кыргызстан болуп калмакчы.

Шанхай кызматташтык уюмуна 8 мамлекет — Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мүчө. Ал эми Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия байкоочу катары катышат.

ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кеңеши 13-14-июнда өтөт. Аны 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү ЖМКнын өкүлдөрү чагылдырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0