Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу боюнча комиссияга 10 депутат кирди. Тизме

Жазылуу
Депутаттык комиссиянын курамына 10 депутат кирди.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселесин карай турган депутаттык комиссиянын курамына 10 депутат кирди.

Мындай чечимди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети кабыл алып, Жогорку Кеңешке сунуштады. Аны 96 депутат колдоп, төртөө каршы болгон. Натыйжада Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн күнөө коюу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Жыйындын жүрүшүндө комиссиянын курамы дагы бекитилди:

  • КСДП фракциясы — Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;
  • "Республика – Ата Журт" фракциясы — Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;
  • "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы — Алтынбек Жунус уулу;
  • "Бир Бол" фракциясы — Бактыбек Турусбеков;
  • "Ата Мекен" фракциясы — Каныбек Иманалиев.

Комиссиянын мүчөлөрү 7 күндүн ичинде корутунду чыгаруу милдетин алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0