Бишкекте ШКУ саммити башталды

Жазылуу
Эми Шанхай кызматташтык уюмунун төрагалыгы Россияга өткөрүлөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкө лидерлеринин жолугушуусу башталды.

Ага чейин президенттер менен премьер-министрлер чогулуп сүрөткө түшүштү.

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Путин менен Си Цзиньпиндин ортосунда концерт көрүп отурган Жээнбеков. Фотофакт
Алгач тар чөйрөдө уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жетекчилери жолугушат. Андан соң кеңейтилген жыйынга байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери дагы катышмакчы.

Саммит документтерге кол коюу жана ЖМКга билдирүү жасоо менен аяктайт. Андан соң уюмга төрагалык кылуу укугун Россия өткөрүп алат. ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жыйындан тексттик трансляция жүргүзүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0