Путин ШКУнун негизги приоритетин атады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке
Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизат жүгүртүүдөн түшкөн киреше менен террорчуларды каржылоо каналдарын бууп салуу боюнча кеп козголду.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Терроризм менен күрөшүү Шанхай кызматташтык уюмунун негизги приоритеттеринин бири бойдон калууда. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан саммит учурунда айтты.

Ал өз сөзүндө баңгизат жүгүртүүдөн түшкөн киреше менен террорчуларды каржылоо каналдарын бууп салууга үндөдү.

"ШКУнун террорго каршы программасынын алкагында кызматташууну улантып, наркотрафиктин терроризмди каржылаган каналдарын жабалы. Алардын колуна адам баласын массалык түрдө жок кылчу химиялык жана биологиялык курал тийип калбашы керек", — деди Путин.

Ошондой эле президент уюмга Россия төрагалык кылган учурда бир катар кризистик кырдаал, анын ичинен Афганистан маселеси боюнча иштөө керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, эми Шанхай кызматташтык уюмун төрагалык кылуу Россияга өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0