Иран президенти АКШ бийлигин катуу сындады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүИрандын президенти Хасан Рухани
Ирандын президенти Хасан Рухани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте ШКУ саммити болуп, ага Иран байкоочу макамында катышууда.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ирандын президенти Хасан Рухани Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммитинде АКШнын аракетин сынга алды.

"АКШ эл аралык эрежелерди бузуп, өзүнүн финансылык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, агрессивдүү аракеттерди жасап жатат. Алар дүйнөгө жана регионго олуттуу коркунуч жаратууда", — деди Рухани.

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко - Sputnik Кыргызстан
Кылмыштын бир да түрү мынчалык тез өнүккөн эмес. Лукашенкону түйшөлткөн маселе
Ал Америка Иран жана дагы башка мамлекеттин ортосундагы өзөктүк программадан бир тараптуу чыгып кеткенин баса белгиледи. Ошондой эле калган мамлекеттерди аталган программанын алкагындагы милдеттерин так аткарууга чакырды.

Учурда Бишкекте ШКУ саммити аяктады. Иран ага байкоочу макамында катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0