Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар мамлекеттик кызматка дайындалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСын писателя Чингиза Айтматова Эльдар Айтматов
Сын писателя Чингиза Айтматова Эльдар Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Академия "Манас" эпосун, жалпысынан кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөөнү көздөйт.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Топчубек Тургуналиев жыл башында түзүлгөн "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин президенти, ал эми Элдар Айтматов анын орун басары болуп дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кандидат филологических наук, представитель общественного фонда Саякбай манасчи Талантаалы Бакчиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бакчиев: "Манас" жана Айтматов академиясын түзүү чечими — саясий кадам
Эскерте кетсек, аталган академия президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 31-январда түзүлгөн.

Мекеме "Манас" эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий жана этикалык баалуулуктарды жайылтууга жана популярдаштырууга, илимий, техникалык жана искусство таануучулук изилдөөлөргө көмөк көрсөтүү менен алектенери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0