ИИМ: Шамил Атаханов суракта Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди

Жазылуу
Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин иши боюнча сурак берип жатып, Алмазбек Атамбаев президент кезинде кримтөбөл  Азиз Батукаевди бошотууга тапшырма берген деди. Бул тууралуу  Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссиянын жыйынында ИИМдин төргөө кызматынын жетекчисинин орун басары Мырзалы Жумабаев айтты.

"Өкмөттүн мурдагы вице-премьер-министри Шамил Атаханов өзүнүн сурак протоколунда Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катыштыгы бар, тапшырма берилген деп айтып жатат", — деди аткаминер.

Рабочая поездка Алмазбека Атамбаева в Ошскую область - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу үчүн кандай айыптар коюлуп жатат. Тизме
Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында экс-вице-премьер Шамил Атаханов 21-майда кармалган.

Бирок тергөө менен иштешүүгө даярдыгын билдиргени үчүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, 7-июнь күнү үй камагына чыккан.

Белгилей кетсек, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Ал 17-июнь күнү 2-отурумга чогулуп, Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялады. Айыптоолордун арасында кримтөбөл Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча суроо дагы коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0