КСДП: Атамбаевди "экс" макамынан ажыраткысы келген комиссия мыйзамсыз түзүлгөн

© © Фото / секретариат фракции СДПККСДП фракциясынын жыйыны. Архив
КСДП фракциясынын жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат жыйын учурунда комиссия түзүү үчүн тийиштүү токтом чыкпаганы айтылды.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия мыйзамсыз иштеп жатат. Бул тууралуу КСДПнын маалымат жыйынында партия мүчөсү Нурбек Касымбеков билдирди.

"Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу документте парламент мурдагы президентти "экс" макамынан ажырата алат деген норма жок. Комиссия түзүү үчүн атайын токтом чыгышы керек. Биз "Эркин Тоо" гезитинин жаңы санын алдык. Анда эч кандай токтом жок", — деди Касымбеков.

Ал эми парламент депутаты Асел Кодуранованын айтымында, комиссия алгач көрсөткөн документте Атамбаевдин дарегине беш гана айып коюлуп жаткан.

Сооронкулова Клара Сыргакбековна, судья Конституционной палаты - Sputnik Кыргызстан
Сооронкулова: Атамбаевдин аппараты Конституциялык палатага көрсөтмө берчү
"Бизге, депутаттарга, ал документти кагаз түрүндө көрсөтүшкөн жок, окуп гана беришти. Ал документке кимдер кол койгонун дагы ушул убакка чейин билбейбиз", — деди Кодуранова.

Белгилей кетсек, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча 13-июнда комиссия түзүлгөн. Алар эки күндөн бери күн сайын жыйынга чогулууда.  Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0