Иманалиев эки жүздүүлүк кылып жатабы? "Атамбаевдин иши" боюнча депутаттын маеги

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Каныбек Иманалиев
Депутат Жогорку Кенеша Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы өз ишин аяктады. Анын корутундусуна ылайык, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бир катар кылмышка катыштыгы болушу мүмкүн. Бирок комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиевге да айыптоолор айтылды.

Жогорку Кеңеш өткөн аптада атайын комиссия түзгөн. Ал Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу жана аны экс-президент макамынан ажыратуу маселеси боюнча тыянак чыгарууга тийиш болчу. Депутаттык атайын комиссия 18-июнда өз ишин жыйынтыктады. Анын чыгарган корутундусуна таянсак, мурдагы президенттин алты факты боюнча мыйзам бузууларга, анын ичинде Бишкек ТЭЦин жаңылоодо жемкорлук аракеттерге тиешеси болушу ыктымал.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев (ортодо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин ушул тапта кайда экени айтылды
Ошол эле убакта социалдык медиада атайын комиссиянын башчысы, депутат Каныбек Иманалиев эки жүздүүлүккө да айыптала баштады. Буга 2013-жылы ал кишинин төрагалыгы алдында Эл аралык иштер боюнча комитети кытай тарап менен насыялык келишимди жактырганы себеп.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы Иманалиевге ушул жана башка суроолорду узатып, анын ичинде атайын комиссиянын жыйынын өткөрүүдө коркоктук кылды деген пикирлер боюнча да жообун угуп келди.

Эске салсак, 2013-жылы парламентарий Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетин жетектеген, ал эми быйыл 13-18-июнь аралыгында ЖКнын утурумдук атайын комиссиясына башчылык кылды.

— Мамлекеттин мурдагы башчысы Атамбаевдин дарегине алты айыпты тизмектеген комиссияны жетектедиңиз. Ага коюлган кинелердин бири — Бишкек ТЭЦин жаңылоодогу жемкорлук аракеттерге катыштыгы. Ошону менен бирге эле 2013-жылы сиз парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси катары ТЭЦти модернизациялоо үчүн Кытайдын "Эксимбанкынан" насыя алуучу келишим долбоорун жактыргансыз. Ошол убакта эмнеге каршы чыкпадыңыз?

— Атайын комиссиянын тыянагында айыптоо жок. Комиссия тогуз фактыга баа берип, алтоо боюнча шектенүүгө негиз бар деген чечимге келди. Эми келишимдин жактырылышы боюнча токтолоюн, мында кылмыштуу эмне бар? Комитеттин төрагасы катары документти жактырышым ыктымал, ал жакта "текшерүү" же "уурдоо" деп жазылбайт. Дүйнөлүк практикада ар бир депутат же комитет төрагасы кайсы бир документти жактырганы үчүн кылмыш жообуна тартылбайт. Экинчиден, жактырылган соң финансылык келишимге каржы министри, ал эми экономика министри техникалык келишимге кол коет. Жемкорлук дал ошол жерде. Маселен, бюджеттен уурдалды дейли, ким жооп берет? Уурдаган министрби же парламенттин депутатыбы? Комиссиянын ишинен ката таап көрсөтүүнүн ордуна менин мурункумдан кемчилик издеп жатышат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКаныбек Иманалиев: Атайын комиссиянын тыянагында айыптоо жок. Комиссия тогуз фактыга баа берип, алтоо боюнча шектенүүгө негиз бар деген чечимге келди. Эми келишимдин жактырылышы боюнча токтолоюн, мында кылмыштуу эмне бар?..
Иманалиев эки жүздүүлүк кылып жатабы? Атамбаевдин иши боюнча депутаттын маеги - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Иманалиев: Атайын комиссиянын тыянагында айыптоо жок. Комиссия тогуз фактыга баа берип, алтоо боюнча шектенүүгө негиз бар деген чечимге келди. Эми келишимдин жактырылышы боюнча токтолоюн, мында кылмыштуу эмне бар?..

— Социалдык медиада сизди эки жүздүүлүккө айыпташууда?

— Негиз жок. Комитеттин төрагасы жактырды деген эмне? Төрага — жыйындын алып баруучусу. Маселе добуш берүүгө коюлат, көпчүлүк менен кабыл алынат. Комитеттин төрагасы катары мен ага кол коюуга тийишмин. Атамбаевди кылмыш жообуна тартуу боюнча чечимине кол койгонум үчүн мыйзам алдында да, эл алдында жооп берүүгө даярмын. Комитеттин тыянагына келсек, эгер анда кылмыштуу аракет болсо, анда эмнеге алты жылдан бери укук коргоо органдары мени суракка чакырбады?

— Ошондо сизди эки жүздүүлүккө айыптоого негиз жок деп эсептейсизби?

Чиновник во время заседаний - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Атамбаев маселесин караган комиссияда арты таза эмес адамдар бар
— Эч кандай негиз жок. Андан көрө комиссиянын ишин талдап, ката табышса болмок, бирок биз ачык жана мыйзам чегинде иш алпардык. Каралоо үчүн олуттуу негиз таппай, мен кол койгон комитеттин корутундусун казып чыгышты.

Кыргызстандын тарыхында эл аралык келишимдин комитет же парламент тарабынан жактырылбай калган бир да учуру болгон эмес. Биз жактырабыз. Эгер макулдугумду бербесем, анда кыргыз калкынын душманы болуп калмакмын, себеби бул эбегейсиз инвестиция. ТЭЦти жаңылоонун зарылдыгын азыр эч ким тана албайт, уурдабастан станцияны заманбапташтыруу керек болчу. Мен жактырган келишимде "уурдоо" же "жемкорлукка жол берүү" деген сөздөр жазылуу беле? Албетте, андай жок. Анда баары мыйзам чегинде.

— Депутат катары келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө укугуңуз бар. Эмнеге жемкорлук боюнча эми гана маселе көтөрдүңүздөр?

— Комитеттин төрагасы болуп турганымда эл аралык келишимдердин баары боюнча өкмөттүн отчетун угууну демилгелегем. Бирок бул келишим боюнча экинчи жак — кытай тарап бизге маалымат бере албайт. Эгер каржылык мыйзам бузуулар болсо, аларды Эсеп палатасы дыкат текшерүүсү абзел.

Азыркы чакырылыштагы депутаттар, эгер жаңылбасам, 76 эл аралык насыялык келишимди ратифицикациялады. Бул каражаттын баары тийиштүү максатта жумшалганына кепилдик бере албайм. Кимдир бирөө уурдаган болсо, буга депутаттар күнөөлүүбү?

Эгер тергөө органдары документтерди ала албаса, менде андай ыйгарым укуктар кайдан? Парламенттин "Эксимбанк" тарабынан бөлүнгөн акчаны текшерүүгө укугу жок, мындан мурунку чакырылыштар да андай укукка ээ болгон эмес, анткени бул акча бөлгөн өлкөнүн мыйзамдары менен жөнгө салынат. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат: Азыркы чакырылыштагы депутаттар, эгер жаңылбасам, 76 эл аралык насыялык келишимди ратифицикациялады. Бул каражаттын баары тийиштүү максатта жумшалганына кепилдик бере албайм.
Иманалиев эки жүздүүлүк кылып жатабы? Атамбаевдин иши боюнча депутаттын маеги - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Азыркы чакырылыштагы депутаттар, эгер жаңылбасам, 76 эл аралык насыялык келишимди ратифицикациялады. Бул каражаттын баары тийиштүү максатта жумшалганына кепилдик бере албайм.

— Жакында эле Фарид Ниязов басма сөз жыйынында экс-президент жана анын өкүлдөрү ЖКнын атайын комиссиясынын "коркоктук" менен өткөрүлгөн жыйынына чакырылбагандыгын билдирди.

— Документ жүзүндө биз эч кимди чакырууга милдеттүү эмеспиз, ачык түрдө бардык тараптарды чакырдык. Атамбаевдин тушунда жабыр тарткан адамдар жыйынга катышты. Балким, абийири алардын көзүнө тике кароого жол бербеген чыгар.

Закрытое заседание фракции СДПК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Фарид Ниязов: бийлик мыйзам бузбаса, эч кандай нааразычылык акциясы болбойт
— Экс-президентти айыптоого жана атайын комиссияны жетектөөгө моралдык укугуңуз барбы?

— Атамбаевди эч ким текшербеши керекпи эмне? Экс-президенттин тегерегиндегилер азыр тергөө абагында. Убагында ал кепил болгон.

Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу жол-жобосу менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0