Иманалиев: Атамбаевге коюлган 9 айыптын алтоону негиздүү деп таптык

Жазылуу
Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия өз ишин 18-июнда аяктаган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы буга чейин коюлуп жаткан тогуз айыптын алтоону негиздүү деп таап, аны тиешелүү органдар текшериши керек деген чечимге келди. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев айтты.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Атамбаевдин иши" боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети тарабынан комиссиянын корутундусу каралып жатат.

"Комиссия Баш мыйзам, "КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу" мыйзамынын 12-беренесине, Жогорку Кеңештин регламентине, "Атайын комиссия тууралуу" жобого жана демилгелүү топтун айыптоолор боюнча кол койгон документине таянып иштедик. Жыйынтыгында комиссия буга чейин коюлуп жаткан 9 айыптын алтоону негиздүү деп таап, аны тиешелүү органдар текшериши керек деген чечимге келди", — деди  Иманалиев.

Белгилей кетсек, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия 13-июнда түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. Комиссия ишин 18-июнда жыйынтыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0