Атамбаев Жогорку Кеңешке качан чакырылары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрисяга министров КР в парламенте перед президентом и депутатами
Присяга министров КР в парламенте перед президентом и депутатами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Атамбаевдин иши" боюнча маселе каралып жатат.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев аны азыркы макамынан ажыратуу боюнча жыйындарга эмнеге чакырылган жок деген суроого депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев жооп берди.

Депутат Каныбек Иманалиев  - Sputnik Кыргызстан
Иманалиев: Атамбаевге коюлган 9 айыптын алтоону негиздүү деп таптык
Ушул тапта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Атамбаевдин иши" боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети комиссиянын корутундусу каралып жатат.

Эл өкүлү Асел Кодуранова Атамбаев эмне себептен ушул убакка чейин комиссиянын ишине чакырылбаганына кызыкты.

"Иммунитетин алуу чечими каралган күнү Атамбаевди расмий түрдө чакырабыз. Бирок буга чейинки жыйындарыбыздын бардыгы ачык өттү. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы каалоочуларга эшик ачык деп айткан. Ал эми расмий чакыруу жибербегенибиздин себеби бар. Юристтер менен кеңешсек, катты почта аркылуу жөнөтүшүбүз керек экен. Ал кат өтө кеч жетмек", — деди Иманалиев.

Эске салсак, аталган комиссиянын иши 18-июнда жыйынтыкталып, маселе Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0