Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов. Архив

Атамбаевден кол тийбестикти алып ЖК эмне пайда көрөт? Депутаттын түшүндүрмөсү

429
Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия өз ишин 18-июнда аяктаган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Келечекте Алмазбек Атамбаев менен Жогорку Кеңештин дарегине айыптоолор болбос үчүн экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу зарыл. Мындай пикирин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов парламентте айтты.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Атамбаевдин иши" боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети комиссиянын корутундусун карап жатат.

"Эмне себептен экс-президенттин макамын, кол тийбестигин алып коюшубуз керек? Анткени анын дарегине ар кандай айыптоолор, күмөн саноолор жаралып жатат. Ал эми кол тийбестиктин жоктугу тиешелүү органдарга иликтөө иштерин жүргүзүүгө, Атамбаевди суракка чакырууга жол берет. Эгер азыр парламент андай чечим кабыл албаса, коомчулукта эртең эле "Атамбаев күнөөлүү болчу, аны депуаттар коргоп койду" деп айтып чыгат. Андыктан, ар кандай күмөн саноолор болбош үчүн Атамбаевдин иммунитетин алып беришибиз керек", — деди Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия 13-июнда түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. Комиссия ишин 18-июнда жыйынтыктаган.

429
Белгилер:
кол тийбестик, кол, Жогорку Кеңеш, Алмамбет Шыкмаматов, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу боюнча аракеттер (46)
Тема боюнча
Атамбаевдин "иши". Иманалиев мындан аркы кадамдар тууралуу айтып берди
Иманалиев: Атамбаевге коюлган 9 айыптын алтоону негиздүү деп таптык
Атамбаев Жогорку Кеңешке качан чакырылары айтылды