Жогорку Кеңеш "Атамбаевдин ишин" Башкы прокуратурага жөнөттү

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңеш. Архив
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура жети күндүн ичинде кылмыш ишин козгоого негиздин бар-жогун аныктап чыгышы керек.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш "Атамбаевдин иши" боюнча атайын комиссиянын корутундусун Башкы прокуратурага жөнөттү.

Парламенттин жалпы жыйынында "Атамбаевдин иши" боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин корутундусун карап бүттү.

"Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу үчүн айып коюу" токтомун кабыл алды. Добуш берүүгө катышкан 105 депутаттын 100ү "макул" болуп, калган беши "жок" деген добушун берди.

Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевден кол тийбестикти алып ЖК эмне пайда көрөт? Депутаттын түшүндүрмөсү
Эми Башкы прокуратура жети күндүн ичинде кылмыш ишин козгоого негиздин бар же жогун аныктап чыгат. Эгер андай негиз бар болсо, Атамбаевден кол тийбестикти алуу маселеси талкууланмакчы.

Белгилей кетсек, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия 13-июнда түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. Комиссия ишин 18-июнда жыйынтыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0