Атамбаевдин күнөөсү аныкталбаса, ким кандай жазага тартылат? Комиссиянын жообу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года
Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Альфия Самигуллина Атамбаевге коюлуп жаткан айыптар тууралуу документтеги "экс-президент уюшкан кылмыштуу топ түзгөн" деген сөздөргө нааразы болду.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын мүчөлөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевди эмненин негизинде күнөөлөп жатканын түшүндүрдү.

Бүгүн парламентте "Атамбаевдин иши" боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин корутундусу каралды.

Депутат Альфия Самигуллина Атамбаевге коюлуп жаткан айыптар тууралуу документтеги "экс-президент уюшкан кылмыштуу топ түзгөн" деген сөздөргө нааразы болду.

"Экс-президентти "опэгэшник" деп айтып жатасыңар. Бардык пункттарда кылмышка катышы болушу мүмкүн деп айтылган. Юридикалык тил менен айтканда, экс-президенттин күнөөсүн тастыктаган бир дагы факты жок. Эгер айыптоолор далилденбей калса, Жогорку Кеңеш кандай жоопкерчиликке тартылат?" — деди Самигуллина.

Уюшкан кылмыштуу топ тууралуу суроого комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев жооп берди.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш "Атамбаевдин ишин" Башкы прокуратурага жөнөттү
"Курултайдын чечими бар, ал дагы элдин үнү. Экинчиден, мен башкы прокурордон Атамбаевдин бийлиги учурунда Конституцияга каршы келген кылмыштуу режим түзүлгөнүн токтомго жаза аламбы деп тактап алгам. Үчүнчүдөн, Атамбаевге каршы көп адамдар көрсөтмө берди", — деди Иманалиев.

Мындан тышкары, депутат Атамбаевди күнөөлөбөй эле эл катары суракка алынышына шарт түзүп жатканын кошумчалады.

Иманалиевдин жообуна ынанбаган Самигуллинанын суроосуна комиссия мүчөсү Талант Мамытов жооп кайтарды.

"Парламент иликтөөчү орган эмес, болгону тиешелүү органдарга иликтөөгө мүмкүндүк берип жатабыз. Алар иликтөө жүргүзүп, адамдын күнөөлүү же ак экенин аныкташат", — деди Мамытов.

Белгилей кетсек, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия 13-июнда түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0