Мирзиёев Каримовго мураскер болбой койгон Йулдошевди башкы прокурор кылды

Жазылуу
Тийиштүү Жарлыкка президент кол койду.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев башкы прокурорду алмаштырды. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчысынын расмий сайтына жарыяланды.

Жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбек бийлиги кыйын турмушта калган мигранттарын өлкөгө кайтарууда
Ага караганда, президенттин Жарлыгы менен Отабек Муродов башкы прокурорлуктан бошотулду. Башка Жарлык менен аталган кызматка Нигматилла Йулдошев дайындалды.

2015-жылдан бери Йулдошев сенаттын төрагасы болуп келген. 2016-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов каза тапканда Йулдошев Конституция боюнча президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалышы керек эле. Бирок ал кызматтан баш тартып, ордуна Миризёев келген. Кийин Мирзиёев шайлоодон жеңип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0