Юстиция министринин орун басары дайындалды

Жазылуу
Тийиштүү буйрукка премьер-министр кол койду.

БИШКЕК, 21-июн. – Sputnik. Марат Канулькулов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Канулькулов Марат Эдильевич 1975-жылы 25-майда Фрунзеде төрөлгөн. 1996-жылы Ички иштер министрлигинин Бишкектеги жогорку мектебин “Укук таануу” адистиги боюнча аяктаган. Квалификациясы – юрист. 2002-жылы адвокат катары эмгектенүүгө лицензия алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0