Экс-президент Алмазбек Атамбаев во время собрания сторонников  в селе Кой-Таш. 22 июня, 2019 года

Мени кудай колдойт! Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө чогулган элдин алдында сүйлөдү

5621
(жаңыланган 18:48 22.06.2019)
Бүгүн экс-президенттин Кой-Таш айылындагы үйүнө анын тарапташтары чогулган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө чогулган тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин жерине барган кабарчысы билдирди. 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев во время собрания сторонников  в селе Кой-Таш. 22 июня, 2019 года
© Sputnik / Нурис Алымбаев
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө чогулган тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөдү

"Акыркы 2-3 жумадан бери Чүйдүн ар кайсы жеринен жигиттер "сизди колдойбуз, кезигели, сүйлөшөлү" деп келип жатышат. Алгач мен муну каалаган жокмун, "куралым бар, өзүмдү коргой алам" дедим. Бирок элдин назарын сындырбай, ар бир айылдан ондон адам келсин, пикир алышалы дегем. Бирок бүгүн андан да көп киши келди. Мени колдогон бардык карапайым элге ыраазычылык билдирем", — деди Атамбаев.

Ошондой эле экс-президент, ага азыр коюлуп жаткан айыптоолор мыйзамсыз экенин айтты.

"Мен эч качан пара алган эмесмин. Кудай башынан эле мага эч нерсени аябай берген. Илгертен ишкерлик менен каражат тапчумун. Мисалы, Бишкек шаарында мечит салган жерди 25 жыл мурда сатып алгам. Тескерисинче, мен элге берип жүргөм", — деди мурдагы өлкө башчы.

Жыйынга 200дөй киши келген.

Катышуучулардын арасынан Анвар Артыков, Асел Кодуранова, Карамат Орозова сыяктуу парламент депутаттарын жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязовду көрүүгө болот.

Ошондой эле Арашан жана Кой-Таш айылынан келген тарапташтары жүрөт.

Буга чейин депутат Ирина Карамушкина экс-президенттин үйүнө жакындары, достору жана аксакалдар саясий кырдаалды талкуулоо үчүн чогулганын билдирген.

5621
Белгилер:
жыйын, Алмазбек Атамбаев, Кой-Таш
Тема:
Алмазбек Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу боюнча аракеттер (46)
Тема боюнча
Элимдин алдында акмын! Атамбаев депутаттарга жооп кайтарды
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанына эл чогулуп жатат
Атамбаевдин күнөөсү аныкталбаса, ким кандай жазага тартылат? Комиссиянын жообу