Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив

Атамбаевдин айланасындагы ызы-чуу. Негизги 13 суроого жооп

1815
(жаңыланган 09:28 24.06.2019)
Парламент экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процессин баштады. Мындай кадамга эмне түрткү болду? Атамбаев өзүнө тагылган айыптарды кандай кабыл алды? Дегеле, ага эмне айып коюшууда? Ушул жана башка негизги суроолорго жоопту Sputnik Кыргызстандын даярдаган материалынан табасыздар.

Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча маселе Кыргызстанда өткөн аптадан бери көңүл борборунда, башкы саясий темага айланды. Буга анын бир катар кылмыштуу иштерге катыштыгы болушу мүмкүн деген шектенүүлөр себеп болду. Бул мезгил аралыгында бир топ билдирүүлөр жаңырды, атайын комиссия түзүлдү. Натыйжада иш Башкы прокуратурага "кетти".

Sputnik Кыргызстандын редакциясы бул маселенин тегерегиндеги бардык суроолорго жооп издеп көрдү.

"Кол тийбестик" сөзү эмнеге көп жаңырууда?

Быйылкыга чейин экс-президенттердин толук кол тийбестиги бар эле, башкача айтканда, аларды жоопко тартууга мүмкүн эмес эле. Бирок кийин мыйзам өзгөргөн, ал 16-майда күчүнө кирди. Мындан ары мамлекеттин мурдагы жетекчилерин иммунитеттен дал тактыда отурган президентке импичмент жарыялоо процедурасындай эле ажыратууга болот. Тагыраагы, президенттик мөөнөтүндө оор кылмыш жасаган болсо гана кол тийбестиктен ажыратылат.

Кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жобосу кандай?

Мындай процедура сегиз баскычтан турат. Экс-президент өзгөчө оор кылмышка шектелип, парламент тарабынан коюлган жана башкы прокурордун корутундусу менен тастыкталган айыптын негизинде гана кол тийбестик макамынан ажыратылат.

Төмөндө негизги баскычтар берилди:

  • экс-президентке күнөө коюу тууралуу чечим депутаттардын көпчүлүгү (милдеттүү шарт — депутаттардын үчтөн биринен кем эмес бөлүгүнүн демилгеси менен) тарабынан парламентте түзүлгөн атайын комиссия чыгарган тыянактын негизинде гана кабыл алынууга тийиш;
  • экс-президенттик макамдан ажыратуу боюнча чечим жалпы депутаттардын үчтөн экисинен кем эмес бөлүгү тарабынан айып коюлгандан үч айдан кечиктирилбестен кабыл алынышы керек (эгер белгиленген мөөнөттө кабыл алынбаса, тагылган айып четке кагылат).

Атайын комиссия эмнеге түзүлдү?

Атайын комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда ишин аяктады. Ал Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага күнөө коюу маселеси боюнча тыянак чыгарууга тийиш болчу.

Атамбаевди эмнеге айыпташууда?

Экс-президент алты кылмышка –— Бишкек ТЭЦин жаңылоодогу жемкорлук аракеттер, Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу жемкорлук схемаларга, криминалдык төбөлдөрдүн бири Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, борбор калаанын ТЭЦине көмүр сатып алуудагы жемкорлукка, Кой-Таш жана Чоң Сары-ой айылдарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алууга катыштыгы болушу мүмкүн деп шектелүүдө. Мындай корутундусун атайын комиссия Жогорку Кеңештин кароосуна коюп, 20-июнда парламент токтом кабыл алып, Башкы прокуратурага жолдоду.

Атамбаевге кылмыш иши козголдубу?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына таянсак, мамлекеттин мурдагы башчысынын борбор калаанын ТЭЦин жаңылоодогу жемкорлукка катыштыгы боюнча иш өзүнчө өндүрүшкө алынган. Атамбаевдин ысымы Тарых музейин оңдоо ишинде да аталууда.

Айыпталып жатабы же жокпу?

Атамбаев өзү айыптап жатышат десе, атайын комиссия муну четке кагат. Мисалга, Талант Мамытов: "Бул айыптоо эмес. Биз тийиштүү органдарга бул фактыларды текшерүүгө мүмкүнчүлүк беребиз". Атайын комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиев корутундуда тизмектелген пункттарды "шектенүүгө негиз" экенин белгилеген. Бирок Жогорку Кеңештин токтомунун өзү "Экс-президентти макамынан ажыратуу үчүн ага күнөө коюу жөнүндө" деп аталды.

Атамбаевдин санаалаштары атайын комиссиянын жыйынында эмне дешти?

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов атайын комиссиянын тыянагында "реалдуу, так жазылган айыптоолор жок" экенин айтат. Ошондой эле атайын комиссия "тымызын, акырын жана коркоктук" менен өткөргөн жыйынына өлкөнүн мурдагы башчысы да, анын өкүлдөрү да расмий түрдө чакырылбагандыгын кошумчалаган. Ал эми КСДП комиссиянын ишиндеги мыйзам бузууларды санады. Партия депутаттар Баш мыйзамдын 28-беренесин бузду деп эсептейт, ага ылайык, адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Кеп толук кол тийбестиктен ажыратуу туурасында жүрүүдө.

Атамбаев эмнеге жыйындарга катышпады?

Депутат Каныбек Иманалиев билдиргендей, атайын комиссиянын иши ачык өткөн, каалагандардын баары катышкан, бирок эч ким расмий түрдө чакырылган эмес. Чакыруу почта аркылуу жөнөтүлүшү керек болчу, ал багытталган кишиге өтө кеч жетет. Бирок Жогорку Кеңештин Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралчу жыйынына расмий чакырыларын айткан.

Атамбаевди ким жактады? Депутаттар кандай добуш беришти?

Жогорку Кеңештин 20-июнундагы жыйынына экс-президентти Ирина Карамушкина, Альфия Самигуллина, Карамат Орозова, Анвар Артыков жана Асел Кодуранова коргоп чыгышты. Атамбаевдин бир убактагы маалымат катчысы Жанар Акаев кесиптештерин "жыгылганды ур-тепкиге албоого" чакырды. Жыйынтыгында өлкөнүн экс-президентин жактап чыккан бешөө атайын комиссиянын корутундусуна каршы чыкты, ал эми депутат Акаев добуш берүүгө катышкан жок. Натыйжада, токтомду 100 парламентарий колдоп, беш эл өкүлү каршы чыкты, дагы 15и добуш берген жок.

Атамбаев үн катты

Эртеси мурдагы президенттин билдирүүсү жарыяланды. Ал өз дарегине Жогорку Кеңеш тарабынан тагылган айыптарды болбогон, укуктук негизи жок, ойдон чыгарылган имиштерге таянылган жана ушул таптагы өлкө башчысынын саясий атаандаштарын четтетүүгө умтулуусунан улам чыккан гана аракет катары сыпаттады.

Ал эми 22-июнда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанына топтолгон элге чыгып, экс-президент эч качан пара албаганын, өзүнүн мал-мүлкү башынан жетишерлик экенин айткан. Ошондой эле келип колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирген.

Эгер шектенүүлөр тастыкталбаса, ЖК кандай жоопкерчилик тартат?

Бул суроого атайын комиссиянын башчысы Каныбек Иманалиев: "Биз баарыбыз саясий жана моралдык жоопкерчилик тартабыз", — деп жооп берди.

"Атамбаевдин иши" ушул тапта кайсы баскычта?

Жогорку Кеңеш атайын комиссиянын корутундусун колдоого алып, атайын токтом менен Башкы прокуратурага жолдоду. Ал жети күн аралыгында кылмыш ишин козгоого негиз бар же жогун аныктоого тийиш. Эгер тескөөчү орган негиз бар деп тапса, парламент экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин карайт.

Атамбаев өлкөдөн чыгып кетпейби?

18-июнда экс-президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева анын эч жакка кетпей турганын, мындай чагымчыл кептер аны өлкөдөн чыгып кетүүгө түртүү максатын көздөй турганын айткан. Муну Алмазбек Атамбаев өзү да соңку билдирүүсүндө кыйыр түрдө тастыктап өттү: "Чындык жана мыйзам мен тарапта. Намыс өмүрдөн кымбат!".

1815
Белгилер:
кол тийбестик, комиссия, депутат, токтом, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу боюнча аракеттер (46)
Тема боюнча
Элимдин алдында акмын! Атамбаев депутаттарга жооп кайтарды
Иманалиев: Атамбаевге коюлган 9 айыптын алтоону негиздүү деп таптык
Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков выходит из офиса Sputnik Кыргызстан после эксклюзивного интервью агентству

Төрага Жумабеков: тилимден жаңылсам да эч нерсе уурдаган эмесмин

362
(жаңыланган 18:59 03.06.2020)
Кыргызстандын парламентардык багытты тандап алганына туура 10 жыл болду. 2010-жылы Конституциялык реформанын негизинде жалпы элдик референдум өткөрүлүп, жыйынтыгында кыргызстандыктар парламенттик системаны тандап алган.

Андан бери Жогорку Кеңештин эки чакырылышы иштеди. VI чакырылыштын мөөнөтү аяктаарына үч айдан ашыгыраак убакыт калды. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги парламенттин төрагасы Дастан Жумабековду кепке тартты.

Соңку учурларда "сөздөн жаңылып", "атка секирип минип", айтор, коомчулуктун көңүл чордонунан түшпөй келе жаткан төрага ачуу суроолорго ачык жооп берип, келечектеги пландары менен да бөлүштү.

Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан, во время эксклюзивного интервью агентству
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дастан Жумабеков: парламенттин 18-төрагасымын

— Дастан Артисбекович, парламентаризм күнү менен куттуктайбыз. Сиздин пикириңизде 10 жыл аралыгында Кыргызстан парламенттик өлкө боло аларын көрсөттүбү?

— Рахмат. Парламенттик системада жашап жаткан Улуу Британия, Италия, Греция же Германияны алып карай турган болсок, алардын тарыхы жүздөгөн жылдарды өзүнө камтыйт. Салыштырмалуу бизде өтө аз убакыт өттү. Ошого карабай элдин тандоосу туура болгондугуна күбө болуудабыз. 2010-жылы элдик революциядан соң Конституциялык реформа жүргүзүлүп, анын негизинде референдум өткөрүлүп, кыргызстандыктар өздөрү парламенттик-президенттик башкаруу системасын тандап алышкан. Андан бери бул системада эки чакырылыштын депутаттары эмгектенди. Мен ушул парламенттик республиканын II чакырылышынын, ал эми эгемендүүлүктү алган Кыргызстандын VI чакырылышынын 18-төрагасы болуп 2017-жылы шайландым эле. Ошондон бери бул кызматты аркалап келем. Учурдан пайдаланып бардык чакырылыштын депутаттарын, анын ичинде легендарлуу парламенттин өкүлдөрүн да майрамы менен куттуктап кетким келет.

— Бирок парламенттик өлкө болууга партиялык тизме менен барууну жектеген депутаттар да бар. Алар келе жаткан шайлоодо партияга эмес, анын ичиндеги талапкерге, тагыраагы, бир адамга добуш берүү жолун киргизүүнү сунуштап жатышат. Колдойт белеңиз?

— Депутат болуп келген соң мыйзам жазып сунуштоого баарынын укугу бар. Бул алардын жасай турган иши. Парламенттик өлкө болуу үчүн, балким, келечекте көптөгөн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жаралар. Ооба, Конституцияда да кемчиликтер бар, мен муну мойнума алам. Мисалы, айрым беренелеринде "эл тарабынан шайланган парламент, эл тарабынан шайланган президент" деп жазылса, башкаларында "эл башчысы президент" деп жазылып калган учурлар кездешет. Бирок биз парламенттик системаны тандап алган соң ушул багытта өнүгүп-өсүүгө аракет кылышыбыз керек. Биздин максатыбыз бир, өлкөнү өнүктүрүү, демек, биздин ортобузда талаша турган башка маселе жок. Учурда ынтымакта иш алып барып жатабыз.

Ал эми жогоруда сиз айткан шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө келсек, бул бюджетке чоң чыгым алып келет. Сунушта азыркыдай өз платформасы менен чыккан партияга гана добуш берүү эмес, партияга, анан анын ичиндеги талапкерлерге да өзүнчө добуш берүү айтылып жатат. Анда бир партия 200 кишинин тизмесин берсе, 20 партия шайлоого катыша турган болсо, 4000 адамдын тизмесин киргизиш керек болот. Бул иштердин баарына өзүнчө техника талап кылынат. Мындан өлкө казынасы жабыр тартып калышы ыктымал.

Парламенттик өнүккөн өлкөлөрдө шайлоо партиялык тизме менен гана өтөт. Керек болсо бир үй-бүлө жылдар өтүп отуруп бир партиянын күйөрманына айланат. Муундан-муунга, атадан балага ошол гана партияга добуш берүү мурас болуп кала берет. Мындан парламенттик система ошол өлкөдө жакшы өнүгүптүр деп билсек болот. Албетте, бул сунуштун жакшы жагы да бар. Жакшы сүйлөп же башка аракеттери менен шайлоочунун купулуна толгон талапкерди түз тандоо, жеке ошого добуш берүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Бирок азыркы учурда мындай жеке тандоого караганда бизде жек-жаатка, регионго бөлүнүү үстөмдүк кылып, кайра эле мажоритардык системага окшоп калат.

Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан, во время эксклюзивного интервью агентству
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дастан Жумабеков: VI чакырылыштын депутаттары оңой эмес учурда иштеп жатат

— Парламенттик системага өтүүгө биринчи кадам катары ачык парламент болууга жасалган аракеттерди айтсак болот. Учурда Жогорку Кеңештин жыйындарын жумасына эки ирет шайлоочулар телевидение, соцтармак аркылуу түз көрүп келет. Депутаттардын жаңылганы, сөздөрдү ката айтып же айта албай калган учурлары да ошол замат элге жетип жатат. Мындай көрүнүшкө өзүңүз да бир нече ирет туш болдуңуз. Кандай ойлойсуз, балким, түз эфирде жыйын курууга биздин эл өкүлдөрү даяр эместир же ошону кабыл алууга шайлоочулар даяр эмеспизби? Балким, мурдагыдай эле жаздырып алып көрсөтүү туурадыр?

— Бул жагынан алганда чынында мурдагы чакырылыштардын депутаттарына жакшы болгон экен. Алардын сөздөрү иштелип чыккан соң гана эфирге берилчү. Мисалы, мындан 20 жыл мурдагы эл өкүлдөрүнүн айткан сөзү айылдарга бир айдан кийин газета аркылуу жетчү. Анда да бирин-экин оппозициялык басылмалар бар эле, ошолор жазып калса окуп калчубуз. Ал кезде шайлоочулар депутат эмне деп жаңылып жатканын көрө алышчу эмес. Ал эми азыркы учурда керек болсо комитеттик жыйындар да түз эфирден көрсөтүлүүдө. Биз ачык-айкындуулукка жетишип отурабыз. Бул ийгилик. Ошондуктан туура эмес сүйлөп алуу, сөздөн жаңылууну эл туура түшүнүшү керек, берилген убакытта депутат сөзүн айтып калайын дейт. Олуттуу, орчундуу маселелер каралат, талаш-тартыш болот, адам болгон соң эмоцияга алдырасың. Баарыбыз эле жипке тизген шурудай кынтыксыз эмеспиз да. Муну кимдир бирөөлөр туура кабыл алса, айрымдары шоу жасап жиберишүүдө. Чет өлкөлөрдө парламентарий эмоцияга алдырып мушташып, стол, стулдарын талкалап жибергенге чейин жеткенин көрүп эле жатпайбызбы. Бул жерде эл башкы нерсени билүүсү абзел. Мен бир сөздү туура эмес айтып алып, жаңылып кетишим мүмкүн, бирок эч убакта мамлекеттин казынасына кол салып же бир иш-чараларды өз кызыкчылыгым үчүн колдонуп, өлкөгө кыянат кылган жокмун. Менин элге кызмат кылуу ниетим дайыма таза жана ачык.

Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан, во время эксклюзивного интервью агентству
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖК төрагасы: 20 жыл мурдагы эл өкүлдөрүнүн айткан сөзү айылдарга бир айдан кийин газета аркылуу жетчү

— Төрага катары айтсаңыз, келе турган VII чакырылыштын депутаттары VI чакырылыштын эл өкүлдөрүнөн эмнеси менен кескин айырмаланышы керек?

— VI чакырылышка оңой болгон жок. Республика тарыхында өзгөчө учурда иштеп жатат десек болот. Ушул эле коронавирус пандемиясы биздин чакырылышка туш келди. Азыркы депутаттар бир топ олуттуу мыйзамдарды кабыл алып берди. Эгер легендарлуу парламент мамлекеттик символикаларды кабыл алып берүүсү менен эл оозунда айтылып келсе, VI чакырылыштын депутаттары коррупция менен күрөшүүдөгү чечкиндүү кадамдары, сүйүнчү пул берүү, майып балдардын ата-энесине айлык чегерүү жана башка бир топ мыйзамдарды кабыл алды. Мунун баары азыр айтылбаса да кийинчерээк саясат таануучу, серепчилер тарабынан белгиленерине ишенем. 10-15 жылдан кийин салыштыруу иретинде бул иштер эл оозунда айтыларына аман болсок өзүбүз да күбө болобуз. Кийинки келе турган депутаттар да башкысы мамлекет үчүн иштеш керек. Элге бакубат жашоо түзүүгө далалаттанган уул-кыздар келет деп ишенем.

— Өзүңүз алдыдагы боло турган шайлоого кайсы партиянын катарында катышасыз, деги эле шайлоого барасызбы?

— Мен "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп келгем. Ушул эле партиянын курамында VII чакырылышка аттанам. Азыр окурмандар пиар-кампания кылып жиберди деп ойлобосун, бирок алдыдагы шайлоодо деле эч нерсени өзгөртпөйм жана сөзсүз түрдө талапкерлигимди коём деп пландап жатам.

— Коронавируска байланыштуу шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу сунуштары айтылып жатат...

— Эгер пандемия токтобой, кырдаал курчуп, өзгөчө абал киргизүү зарылчылыгы жаралса гана шайлоо жылдырылат. Өзгөчө абал — бул Баш мыйзамда жазылган өзүнчө бир чоң мыйзам. Ал өкүм сүрүп турганда мыйзам боюнча шайлоо өткөрүлбөйт. Эгер күзүндө абал азыркыдан курчуп кетип, кайрадан өзгөчө абал киргизүүгө мажбур болсок, анда парламенттик шайлоонун да мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн. Бирок баарыбыз гигиеналык эрежелерди сактап, бул оорудан арылуу аракетин көрөлү. Элибизден коронавирус батыраак чыгып кетсин. Өзүңүздөр деле көрүп жатасыздар, коронавирус менменсинген державаларды чөгөлөтүп койду. Салыштырмалуу алганда Кыргызстан ыкчам, туура багытта иш алып барып, керектүү режимдерди өз убагында киргизип, кыска убакытта абалды жөнгө сала алдык десек болот. Бул жерде элдин да эмгеги чоң.

Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан, во время эксклюзивного интервью агентству
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Төрага: менин дарегиме айтылган сындарды туура эле кабыл алам

— Ушул режимдерди кабыл алуу боюнча бир аз сиздин пикириңизге каршы болуп турам. Маселен, 11-майдан тарта айрым аймактарда өзгөчө абал режими алынып, өзгөчө кырдаал узартылды. Мындан улам бир топ мекемелер ишмердүүлүгүн жандантууга уруксат алышты, жолдо жүрүүнүн жаңы талаптары чыкты. Бирок алар ушунчалык башаламан кабыл алынгандыктан аны аткарган органдардын кызматкерлери да, эл да жүдөп кетти. Ошондой эле VI чакырылыш тарабынан кабыл алынган кодекстерди айта турган болсок, кабыл алынган мыйзамдардын чийкилиги ушул күнгө чейин ачык турат. Мыйзамдарды кабыл алууда эмне үчүн парламент ушундай алешемдиктерге жол берет?

— Коронавируска байланыштуу киргизилген режимдер шашылыш кабыл алынды. Өкмөт дагы кыска убакытта механизмдерин иштеп чыгууга мажбур болду. Бул жерде кемчиликтердин кетиши толук мүмкүн эле. Ошого карабай биз абалдан татыктуу чыга алдык. Ал эми кодекстерге токтоло турган болсок, сиз айткандай чийки жерлер бар. Бирок бул мыйзам кабыл алуунун табияты десек болот. Мыйзам да тирүү организм сыяктуу жандуу нерсе. Ал кабыл алынып, тажрыйба жүзүнө ашкан соң гана кай жеринде катачылык бар экени, эмнеси коомчулук тарабынан кабыл алынбай, кандай өзгөртүүлөргө муктаж экени билинет. Иш жүзүнө ашмайын канча талкуудан өтпөсүн, байкалбай кала бериши мүмкүн. Ошентип оңдолуп, түзөтүүлөргө туш болот, бул кадыресе көрүнүш. Анан да элдин ошол мыйзамдарды депутаттар менен кошо талкуулоого толук мүмкүнчүлүгү бар эмеспи. Кабыл алынардан мурда ал коомдук талкууга коюлат, тиешелүү сайттарда айлап илинип турат. Кызыккан жарандар, ошол тармактагы адистер кирип, өз пикирлерин билдирсе болот. Талкуу учурунда алардын айткан сунуштары да эске алынат.

Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан, во время эксклюзивного интервью агентству
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дастан Жумабеков: биз парламенттик системаны тандап алган соң ушул багытта өнүгүп-өсүүгө аракет кылышыбыз керек

— Жогорку Кеңеш өкмөттүн дарегине бир топ сын айтканы менен кайра эле отчётун кабыл алып келе жатат. Ал тургай мунун артынан сизге "өкмөттүн адвокаты болуп алдыңыз" деп акарат келтирген кесиптештериңиз болду.

— Өкмөт өзүнчө бир орган эмес. Аны парламент бекиткен. Өкмөттүн курамы азыр Жогорку Кеңеште отурган партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн. Фракциялар ортосунда коалициялык келишимдер болот. Демек, парламент өзү түзгөн өкмөттү сындайт, кемчилигин айтат, анан эмнеге жакшы жактарын белгилегенге болбосун? Эгер өкмөт да эл тарабынан шайланып келсе, анда кеп башка эле. Экинчиден, бирдеме болсо эле элди алаксытуу үчүн өкмөттү "садага чапкан" парламенттердин иштеринен эмне өзгөрдү? Эл эми оңолот экенбиз деп үмүт артып эле отуруп калып жатты. Андыктан иштегенге да шарт түзүп, туруктуулукту камсыздап берүү керек. Программасы жок болсо да парламент талап кылбайт дегенди биз да угуп жатабыз. Бирок жасалып жаткан иштерди көрүп жыйынтык чыгаруудабыз. Былтыр ички дүң продукция 4,5 пайызга өсүптүр. Өнүккөн өлкөлөрдө да ИДПнын жылдык өсүүсүнүн жогорку чеги 6-7 пайызга жетет. Кыргызстан боюнча 450 чакырым асфальт жолу салынды. Көптөгөн мектептердин курулушу аяктап, ремонттолгондору да жок эмес. Мугалимдердин, укук коргоо кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлдү. 77 миң жумуш орду түзүлүп, анын ичинде 25 миңи туруктуу иш менен камсыз болгон. Мунун бардыгы алдыга карай жылыш экенин көрүп турабыз. Андыктан аткарган ишине карап баа берүүбүз керек. Кемчиликтер да бар, алар да өз убагында айтылып жатты. 2020-2021-жылдарга да чоң-чоң долбоорлор пландалган болчу, тилекке каршы, коронавирус пандемиясына туш болуп калдык.

Ал эми өкмөттүн адвокаты же башка деп менин дарегиме айтылган сындар ошол эле учурда өкмөт башчыга да айтылып жатат, башка депутаттар да ар ким өзүнүн ишмердүүлүгүнө жараша сынга кабылып жатышат. Мындан бир себеп издеп кажети жок, кадимки иш үстүндө айтылган сөз, ачык парламенттин мүнөзү катары кабыл алам.

Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков и шеф редактор Sputnik Кыргызстан Эркин Алымбеков выходят из офиса после эксклюзивного интервью агентству
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дастан Жумабеков: эмоцияга алдырып жаңылып кетсем айрымдар шоу кылып жиберүүдө

— Коронавируска байланыштуу сырттан бир топ каражат карызга алынды. Эл мунун отчётун суроодо. Өкмөт парламентке бул боюнча качан билдирүү жасайт?

— Учурда 250 миллион долларга жакын насыя да, грант да алдык. Булар боюнча элге отчёт берилет. Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өкмөттүн алып келген программасында бул насыялар айтылган. Мисалы, ошол эле Эл аралык фондунан алынган 120 миллион доллар мугалимдердин, бюджеттик кызматкерлердин айлыктарына, жөлөк пул, пенсияларга короду. Саламаттык сактоо министрлигине, эгер жаңылбасам, 50 миллион доллардай бөлүнгөн, алар да каякка жумшаганы тууралуу отчёт беришти. Айтор, алынган карыздар, гранттар тууралуу толук элге маалымат берилет, муну мен өзүм көзөмөлдөп берейин. Өкмөт чөнтөгүнө кымырып албайт,  алардын деле мындай ишке баруу үчүн эки башы жок да.

— Мандатын тапшырып жатып "Бир Бол" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев сизди спикерлик кызматка өсүп жете элегиңизди айтып, кеңештерин берип кетти. Бул киши менен азыр мамилеңиз кандай?

— Мен ар бир депутаттын оюн сыйлайм. Бул Исхак Абсаматовичтин жеке көз карашы, экөөбүз ошол күнгө чейин жакшы мамиледе болуп келгенбиз. 2017-жылы мен төрагалыкка койгондо ал киши оппонентим болчу, көпчүлүк добуш менен мен өтүп кеткем. Жеке пикиримде, ошол күндөн тарта менин ар бир сөзүмө маани берип, кайсыл күнү каерден чалынышымды күтүп жүргөндөй. Мага жеткен маалыматтар боюнча, ал кишинин отставкасы фракциядагы ички маселенин негизинде болгон. Өздөрүнүн эрежелерине ылайык кийинки талапкерге орун бошотуу зарылчылыгы келип чыккан. Эгер Исхак Абсаматович өзү айткандай бул парламент менен иштеше албаса эмнеге үч-төрт жыл мурда айткан жок деген суроо жаралат. Ал болгону ички маселелеринен улам мандатын тапшыруусун мага шылтоолоп койду окшойт. Канткен күндө да мени коррупцияга күнөөлөгөн жок. "Тигил жерден акча жеп койдуң", "бул жерден атың аталып жатат" деп жалаа жапкан жок. Башкысы менин кудай алдында, эл алдында жүзүм ак.

Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков садится в автомобиль после эксклюзивного интервью агентству Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дастан Жумабеков: алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышам

— Маегибиздин башында эгемендүү Кыргызстандын парламентинин 18-төрагасымын дедиңиз. Өзүңүзгө чейинки спикерлердин арасынан кимдердин ишин өзгөчө баалайсыз?

— Бул абдан оор суроо. Мен бирөөсүнүн ишин баалап, экинчисин таарынткым келбейт. Биз бардыгыбыз өз учурунда милдеттерибизди аткарып жатабыз. Ал эми ошол жасалган иштердин кандай болгонун эл таразаласын.

362
Белгилер:
шайлоо, Парламент, маек, Дастанбек Жумабеков
Тема боюнча
БШКнын экс-төрагасы Сариев: референдум өткөрүү үчүн Конституцияны да өзгөртүш керек
Жумабеков: парламенттик шайлоо коронавирустан улам жылдырылышы мүмкүн
2020-жылы шайлоого барар-барбасыбыз арсар. Иса Өмүркулов менен маек

Эфирге шымы жок чыгып алган депутат, күлкүсүн араң тыйган кесиптештери. Видео

424
(жаңыланган 16:52 03.06.2020)
Европарламенттин Ирландиядагы депутаты Люк Флэнаган видеоконференция учурунда кесиптештеринин алдында адаттагыдан башкача чыккан.

Европарламент бул учурда айыл чарба тармагынын көйгөйлөрүн талкуулап жатканын The Guardian жазды. Кеп кезеги келген Флэнаган эфирге көйнөкчөн, бирок шымы жок пайда болгон. Төшөктүн үстүндө отуруп сүйлөп жаткан депутаттын анда-санда жылаңыч буттарын кармалап, сылап коюп жаткандыгын көрүүгө болот.

Кадрдан кесиптештери күлкүсүн кыйынчылык менен тыйганын байкоо кыйын деле эмес. Ал докладын бүткөндөн кийин комитет жетекчиси жылмайган тейде, ыраазылыгын билдирген.

Парламентарий шымы жок экени парламенттегилерге көрүнүп калгандыгын билгенден кийин, буга маани беле бербегендигин айткан.

424
Белгилер:
видеоконференция, доклад, күлкү, депутат, жылаңачтануу, Ирландия, Европарламент
Тема боюнча
ЖКда ант берип жаткан судья Конституцияга колун койгонду унутуп калды. Видео
Антарктида аралынын жээгиндеги кеме. Архив

Жер жүзүндөгү абасы эң таза аймак аталды

0
(жаңыланган 19:43 03.06.2020)
Адистер адам ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жер жүзүндө абасы таза аймактар дээрлик калбай баратканын эскертишкен.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Колорадо университетинин (АКШ) окумуштуулары австралиялык кесиптештери менен биргеликте планетадагы абасы таза жерди аныкташты. Адистердин изилдөөсү Proceedings of the Natural Academy of Sciences (PNAS) журналына жарыяланды.

Окумуштуулар Түштүк океан деп аталган Тынч, Атлантика жана Индия океандарынын аймагында аба таза экенин божомолдошкон. Адистердин айтымында, бул жерлерге башка континенттердеги булгануу жана чаң жетпейт.

Изилдөөчүлөрдүн кемеси Тасманиядан Антарктидага чейин барган. Адистер жолдо абанын үлгүлөрүн алышкан. Алар төмөнкү атмосферанын касиеттерин аныктоого жардам берген бактерияларга кызыгышкан.

"Мындай караганда, Антарктидага түштүк континенттерден бактериялар тарабайт, аймак обочолонуп турат. Бул Түштүк океандын антропогендик иш-аракеттер дээрлик таасирин тийгизбеген аймактарынын бири", — деген экспедициянын мүчөсү Томас Хилл.

Адистер адам ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жер жүзүндө таза аймактар дээрлик калбай калганын кошумчалашкан.

0
Белгилер:
Окумуштуулар, аба, аалам, жер
Тема боюнча
Булганган аба аялдарды эмчек рагына кептейт. Иликтөө
Адамзатты каатчылык күтүп турабы? Эксперттердин изилдөөсү
Окумуштуулар: коронавирус пандемиясы адамзаттын өмүрүн сактайт