"Атамбаевдин иши" боюнча Башкы прокуратуранын корутундусу ЖК комиссиясына келди

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики
Здание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссия корутундуну Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте кароо сунушун берди.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан жана кол тийбестиктен ажыратуу үчүн күнөө коюуга негиздин бар-жогун аныктаган Башкы прокуратуранын корутундусу Жогорку Кеңештин атайын түзүлгөн комиссиясына келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган комиссиянын мүчөсү Талант Мамытов билдирди.

Эскерте кетсек, Атамбаевди иммунитеттен ажыратуу үчүн күнөө коюу боюнча иш алып барган комиссия 13-июнда түзүлгөн. Ал ишинин жыйынтыгы менен экс-президенттин алты кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деген тыянак чыгарып, юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн

"Корутунду комиссияга келди. Эми аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте кароо сунушун бердик", — деди Мамытов.

Азырынча аталган комитет бүгүн Башкы прокуратуранын корутундусун караар-карабасы белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0