Атамбаевдин иши: Башкы прокуратура негиздүү деп тапкан 5 айып. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Экс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратуранын корутундусун депутаттар жалпы жыйында талкуулайт.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буга чейин айтылган беш кылмышка тиешеси болушу мүмкүн. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте билдирип, ар бирин санап берди.

Алгач ЖКда түзүлгөн атайын комиссия Атамбаевге тогуз айып коюп, иликтөөнүн жүрүшүндө ал алтыга кыскарган. Эми Башкы прокуратура комиссиянын корутундусун карап, алтоонун бешөөнө экс-президенттин тиешеси болушу мүмкүн деген тыянак чыгарды.

Атамбаевдин тиешеси байкалган иштер боюнча Башкы прокуратура төмөнкүдөй чечим чыгарды:

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин айланасындагы ызы-чуу. Негизги 13 суроого жооп
1. Кой-Таш айылындагы жер тилкеси мыйзамда каралган тартиптерди бузуу менен алынган деген айып боюнча — КРдин Аскер прокуратурасында Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") 1-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери тергелүүдө. Топтолгон материалдарда кылмыш иштеринин бардыгы тууралуу маалымат жетиштүү;

2. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси бар деген айып боюнча — КРдин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөсүндө КРдин Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") 1-бөлүгүндө каралган сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө. Тергөө материалдарында айтылгандай, өзгөчө оор кылмыштарды жасаган Азиз Батукаевди бошотууга Атамбаевдин көрсөтмөсү болгон жана бул жаатта иш-чараларды уюштурууну ошол кездеги ички иштер министри Шамил Атахановго тапшырган.

3. Акча адалдаган "Ака инвест" компаниясына тиешеси бар деген айып боюнча - КРдин Аскер прокуратурасында Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери белгиленген. Буга чейинки чогулган материалдарга караганда, бул иште аты байма-бай аталган Субихи Пархати аттуу жаранга тиешелүү делген байлыктар Атамбаевге тиешелүү экени көрүнүүдө, маалыматтар жетиштүү.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты
4. ТЭЦти реконструкциялоодогу коррупцияга аралашкан деген айып боюнча - 2019-жылдын 12-июнунда УКМК тарабынан Атамбаевге карата материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") 2-бөлүмү боюнча каттоого алынды. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарына ылайык, Бишкек ТЭЦинин модернизациясынын долбоорунда Атамбаевдин аталган жагдай боюнча тиешеси бар экени аныкталды.

5. ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргогон деген айып боюнча - КРдин Аскер прокуратурасында Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери тергелүүдө. 2014-жылы Атамбаев "Рассвет" компаниясына мыйзамсыз пайда көрүүгө жол ачып, мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жана зыян келтирген деген маалымат жетиштүү.

Комитет Башкы прокуратуранын билдирүүсүн эске алуу менен Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча маселени Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0