УКМК коңшу өлкөлөрдүн чекисттери менен террорго каршы операцияларды ишке ашырды

© Sputnik / Табылды КадырбековВоенные учения стран СНГ "Иссык-Куль-Антитеррор-2018"
Военные учения стран СНГ Иссык-Куль-Антитеррор-2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар мындан ары террордук кылмыштарды алдын алуу жана таптакыр бөгөт коюу боюнча дайыма пикир алышып турат.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандын күч органдары чет өлкөлүк кесиптештери менен бир нече биргелешкен операцияларды өткөрдү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Евразия алкагында коопсуздук архитектурасын калыптандыруу: терроризм менен экстремизмге жамааттык жооп" форумунда УКМКнын Террорго каршы туруу борборунун жетекчиси Канат Тюкеев маалымдады.

"Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын атайын кызматтары менен террорго каршы күрөшүү жаатындагы кызматташууга бекем пайдубал түптөй алдык. Мындан ары террордук кылмыштарды алдын алуу жана таптакыр бөгөт коюу боюнча дайыма пикир алышып турмакчыбыз", — деди жетекчи.

Анын айтымында, россиялык кесиптештер менен дагы бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Мисалы, Россияда даярдалып жаткан террордук акциянын алдын алынышы. Ал эми казакстандык жана өзбекстандык кесиптештер менен биргеликте жалданма согушкерлерди жиберүү каналын жок кылуу боюнча иштер аткарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0