Жогорку Кеңештин жыйыны кворум жоктугунан убагында башталбай калды

© Sputnik / Расул УсеналиевЗаседание Жогорку Кенеша
Заседание Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттардын 61и каттоодон өткөндөн кийин гана кворум бар деп эсептелет.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин саат 14:00дөгү жыйыны кворум жоктугунан башталбай жаткандыгын төрага Дастан Жумабеков айтып, депутаттарды келип каттоодон өтүүгө чакырды.

"Аппарат, фракцияларга чалгыла! Депутаттар келип каттоодон өтүшсүн", — деди ал.

Саат 14:15теги маалымат боюнча, 51 гана депутат каттоодон өткөн.

Төраганын берген эскертүүсүнөн кийин эл өкүлдөрү каттоодон өтүп, саат 14:18де гана Жогорку Кеңештин жыйыны башталды.

Белгилей кетсек, парламенттеги 120 депутаттын 61и каттоодон өткөндөн кийин гана кворум бар деп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0