Жээнбеков менен Рахмон чек ара маселесин чечүүнү тездетмей болушту

Жазылуу
Бүгүн тажик эли Улуттук биримдик күнүн белгилеп жатат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолугуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даярбыз
Белгилей кетсек, бүгүн тажик эли Улуттук биримдик күнүн белгилеп жатат.

Жээнбеков Эмомали Рахмонду жана жалпы Тажикстандын элин куттуктап, тынчтык, бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылар ошондой эле кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүүнү макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0