Путин менен Трамп G20 саммитинин алдында учкай маектешти

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Трамп саммиттин алкагында Путин менен жемиштүү сүйлөшүү болоруна үмүт артканын билдирген.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп G20 саммитинин ачылыш аземинде чогуу сүрөткө түшүү учурунда аз убакытка жолугуп сүйлөшүштү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Путин мураскери тууралуу суроого жооп берди
G20 саммити Япониянын Осака шаарында өтүп жатат. Буга чейин Трамп саммиттин алкагында Путин менен жемиштүү сүйлөшүү болоруна үмүт артканын билдирген.

Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, президенттер стратегиялык туруктуулук, регионалдык жаңжал, анын ичинде Сириядагы, Афганистан, Украина, Венесуэладагы кырдаал менен Ирандын маселесин талкуулашы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0