Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан

Атамбаевдин үйүндө — Кой-Таш айылында жагдай кандай? 3-күн

Жазылуу
Кой-Таш айылында эки күндөн бери Атамбаевдин тарапташтары чогулуп жатканы айтылган.

Парламенттин жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаев экс-президент статусунан ажыратылды. Ага 103 депутат макул, 6 депутат каршы болгон.

Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратуу аракети күчөгөндөн кийин коомчулуктун бир бөлүгү — мурдагы президенттин тарапташтары, саясаттагы үзөңгүлөштөрү нааразылыгын билдирип, "элдик штаб" түзгөндүгүн жарыялашкан.

Ал Атамбаевдин Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы жаңы салынган үйүнүн аймагында түзүлгөн. Ал жерге 26-июндан баштап тарапташтары чогулуп, прес-борбор ачылып, журналисттер Кой-Таштагы абалды чагылдырып жүрөт.

Sputnik Кыргызстан Кой-Таштагы абалды окурмандарга тексттик түз алып берүү менен баяндап бермекчи.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:21 28.06.2019

2019-жыл, 28-июнь, 20:23. Ушул сааттарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанында жүргөн тарапташтары менен сүрөткө түшүп жатат. Алардын арасынан партиялаш депутаттарды, тарапкерлерди жана чоң-кичине, бала-чаканы  көрүүгө болот. Сүрөткө түшкөндөр менен катар эле сүрөткө тарткан элдин көп экендигин байкоого болот. 

Атамбаевдин эл менен тамашалашып жаткандыгын да байкоого болот. 

18:35 28.06.2019

Sputnik Атамбаев өзүнө тагылган айыптарды кандай кабыл алды, дегеле, ага кандай айып коюшууда жана башка негизги суроолорго жооп издеген материал чыгарган.

 

Президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин айланасындагы ызы-чуу. Негизги 13 суроого жооп
17:29 28.06.2019

Атамбаевдин үйүнүн аймагына болжол менен саат 16:30дар чамасында дагы 15-20дай киши келип, короого кирип кетишти. Кабарчынын айтымында, абал тынч. Көзгө күрүнгөн ашыкча кыймыл деле байкалбайт.

12:18 28.06.2019

Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанынан тартылган сүрөттөр. 2019-жыл, 28-июнь, саат болжол менен  12:00-12:20

Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
11:20 28.06.2019

Бүгүн интернет айдыңында Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматтын кызматкерлеринин алынгандыгы боюнча маалымат тараган. Буга УКМК жооп берди. 

Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
УКМК: зарыл болсо Атамбаевдин жан сакчыларын көбөйтүүгө даярбыз
11:00 28.06.2019

Учурда Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн айланасында абал тынч. "Элдик штабдын" аймагында 100-150дөй киши жүргөндүгүн Sputnik кабарчысы жеринен билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0