Бишкекке алты өлкөнүн чек арачылары келип кетти

© Фото / пресс-служба ГПС КРРабочая встреча руководителей органов погранконтроля Совета командующих погранвойсками государств-членов СНГ
Рабочая встреча руководителей органов погранконтроля Совета командующих погранвойсками государств-членов СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөшүүгө КМШ өлкөлөрүнөн келген чек арачылар катышкан.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн чек ара аскерлерине караштуу башкаруу кеңешинин чек ара көзөмөл органдарынын жетекчилери Бишкекте өткөн жумушчу жолугушууга келип кетишти. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Рахмон чек ара маселесин чечүүнү тездетмей болушту
Иш-чара 25-июндан 27-июнга чейин созулган. Ага Армения, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Россиядан келген өкүлдөр катышкан.

Жолугушууда автоматташтырылган чек ара көзөмөлүн күчөтүү жана аны эл аралык издөөдөгү кылмышкерлерди табууда колдонуу маселеси талкууланды. Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев ведомстволор жана мамлекеттер аралык деңгээлдеги маалыматтык-техникалык кызматташууну жакшыртуу зарылдыгын белгилеген.

"Иш-чаранын катышуучулары өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Бардык мамлекеттердин өкүлдөрү иш-чара мыкты деңгээлде уюштурулганын белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Коноктор Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине дагы барышты. Аларга эстелик катары жазуучунун китептери белекке берилди.

Баса, Элдар Айтматов Sputnik агенттигинин кабарчысына атасынын үй-музейин көрсөтүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0