Финансы министринин "алмашкыс" орун басары кызматтан кетти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал аталган кызматта тогуз жылдан бери эмгектенип келген.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Сүйөркул Абдыбалы тегин дайындалды. Эки буйрукка тең премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Байгончоков кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду.

Эске салсак, ал бул орунда 2010-жылдан бери эмгектенип келген. Ал эми министрдин жаңы орун басары Абдыбалы тегин буга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басарлыгын аркалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0