Төрага: депутаттар жакшы иштеген үчүн көп сын айтылууда

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин ишинин жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берди.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Депутаттар жакшы иштеп жатканы үчүн көп сын айтылууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков сессиянын жыйынтыгы боюнча журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, түрдүү саясий чечимдер кабыл алынып, алгылыктуу иштер жасалгандыктан сын айтылууда.

Ал эми социалдык тармакта айтылган "депутаттардын санын кыскартыш керек" деген суроого өлкө үчүн парламентарийлердин саны жетиштүү деп билдирди.

"Албетте, депутаттардын санын кыскартуу маселеси мыйзам боюнча чечилет. Ал эми менин жеке пикирим боюнча, депутаттардын саны жетиштүү. 120 депутат биздин мамлекетке туура келет. Депутаттардын санын 35, 75 кылыш керек дегендер да болуп жатат. Эгер ушундай аз болуп калса, алар монстр болуп кетти деген да кептер чыгышы ыктымал", — деди Жумабеков.

Ал ошондой эле парламенттик башкаруудагы мамлекеттерде депутаттардын саны 120-150нүн тегерегинде экенин айтты.

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү өткөн жумада каникулга чыккан. Кийинки сессия 1-сентябрда башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0