Сооронбай Жээнбеков эртең Швейцарияга учат

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония вручения золотых сертификатов выпускникам 2019 года
Церемония вручения золотых сертификатов выпускникам 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапардын алкагында бир катар документтерге кол коюлат.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 9-11-июлда расмий сапары менен Швейцарияга барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Толкунданып, сүрдөп... Президенттен алтын сертификат алган окуучулардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Толкунданып, сүрдөп... Президенттен алтын сертификат алган окуучулардын видеосу
Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун айтымында, Жээнбековду Швейцариянын мамлекет башчысы Ули Маурер чакырган.

Сапардын алкагында Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурер, Федералдык жыйындын улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банктын төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

"Сапардын алкагында соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестиция тартууга, банк чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүүгө жана парламенттик демократияны курууга басым жасоо менен эки тараптуу мамилелерди илгерилетүү талкууланат", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбековдун Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу болот, ага Кыргызстандан барган ишкерлер дагы катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0