Сооронбай Жээнбековду Швейцарияга кимдер коштоп кетти. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит Президента Сооронбая Жээнбекова в Туркменистан
Государственный визит Президента Сооронбая Жээнбекова в Туркменистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий сапардын алкагында соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестиция тартуу сыяктуу бир катар маселелер талкууланат.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцарияга учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Жээнбековду Швейцариянын президенти Ули Маурер расмий визит менен чакырган.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК төрагасы жана депутаттары бир жылда канча өлкөгө барган? Тизме
Сапардын Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурер, Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушат. Анда соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестиция тартууга, парламенттик демократияны курууга басым жасоо менен эки тараптуу кыргыз-швейцариялык мамилелерди илгерилетүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Расмий делегациянын курамы:

  • Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
  • Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
  • Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Данияр Мукашев;
  • Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров;
  • Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова;
  • Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков;
  • Экономика министри Санжар Муканбетов;
  • Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева;
  • Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.
Жаңылыктар түрмөгү
0