"Кыргыз почтасынын" жетекчисинин орун басары Абылгазиевге тууган экенин моюндады

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"КТ Мобайл" ишканасынын айланасындагы чуудан кийин өкмөт башчынын туугандары кимдер экенине коомчулук кызыга баштаган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын жетекчи орун басары Урматбек Жакыпбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен туугандык жайы бар экенин айтты.

Маалымат жыйын учурунда журналисттер ал кимдер менен жек-жаат экенин сурашкан. Башында Жакыпбеков бул суроо боюнча журналистке жеке жооп берерин айтып, баш тарткан. Бирок ЖМКнын өкүлдөрү ушул жерден жооп берүүсүн суранышкан.

"Буга чейин ал менин кайнатам экенин айтып келишкен. Чынында ал кайнатамдын агасы", — деди.

Эске салсак, буга чейин Абылгазиевдин бир тууганы майлуу жерде иштейт деген маалыматты ЖКнын депутаты айтып чыкса, бир тууган бажасы "КТ Мобайл" ишканасынын чыры боюнча коомчулукка дайын болгон.

"КТ Мобайлдын" чуусу

Флаг Кыргызской Республики на заседании - Sputnik Кыргызстан
Элдин балдары... Жогорку кызматты ээлеген жаштардын тизмеси
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун туунду компаниясы "КТ Мобайл" 2003-жылы түзүлүп, уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө лицензия алган. Компания ишин баштабай жатып эле мамлекетке 170 миллион сом карыз болуп калган. Аталган ишкананын айланасындагы чуу 2019-жылдын май айында тутанып, социалдык тармактарга компаниянын башкы директору Нурбек Мукамбетов 350 миң сом айлык алары, орун басары Эрназар Рысалиев (Иманкадыр уулу) 300 миң сом, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң сом маяна алары боюнча маалыматтар тараган. Өз кезегинде Иманкадыр уулу компаниядагы эң жогорку айлык 157 миң сом экенин айтып, айтылган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын төгүндөгөнгө аракет кылган.

Коомдогу чуудан улам "КТ Мобайлдын" жетекчилиги кызматтан кеткен.

Бул компаниянын ишмердигин өкмөт жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган убактылуу комиссия текшерип, бул иш боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги каралсын деген бүтүм чыгарган.

Ал ортодо "КТ Мобайл" компаниясы Salam деген уюлдук операторду ишке киргизери белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0