БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга расмий сапары менен келди
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев

Билдирмеге караганда, Маминди "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев

Аба майданындагы жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев

Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди кароону пландаштырууда
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев

Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
1 / 5
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга расмий сапары менен келди
Билдирмеге караганда, Аскар Маминди "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Аба майданындагы жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.
"Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган. Алардын катарында VIII кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны бар. Ал эми эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта өтмөкчү", — деп айтылат маалыматта.
©
Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди кароону пландаштырууда.
Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.
Ошондой эле Казакстандын премьер-министрин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.