Көйгөйлүү маселенин баарын чечебиз. Абылгазиев казак премьери менен жолукту

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевОфициальный визит премьер-министра Казахстана Аскара Мамина в Кыргызстан
Официальный визит премьер-министра Казахстана Аскара Мамина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскар Мамин бүгүн, 12-июлда, Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстан Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгында бир катар маселелердин чечиле турганына ишеним артат. Бул тууралуу КР өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев тар чөйрөдө болгон жолугушууда билдирди.

Аскар Мамин бүгүн, 12-июлда, Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келди. Анын алкагында өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, тараптар тар жана кеңири чөйрөдө жолугушуп, бир катар документтерге кол коюлат. Мамин президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолугат.

Абылгазиев өз сөзүндө Казакстан менен болгон стратегиялык мамилеге Кыргызстан артыкчылык бере турганын айтты. Андан сырткары, эки мамлекеттин эксперттери сапардын алдында бир нече документтердин үстүндө иштегенин кошумчалады.

"Биз алдыбызга чоң максаттарды коюп жатабыз. Алар актуалдуу болуп жаткан маселелерди чечүү, ошондой эле учурдагы айрым көйгөйлөрдү жойсок дейбиз. Бирок, эң башкысы, Казакстан президентинин Кыргызстанга боло турчу сапарына даярдык көрүү", — деди ал.

Гүл кучактап, боорсок көтөргөн кыздар. Казак премьерин тосуп алган видео - Sputnik Кыргызстан
Гүл кучактап, боорсок көтөргөн кыздар. Казак премьерин тосуп алган видео
Мамин өз кезегинде Казакстан да Кыргызстан менен болгон достук мамилеге өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

"Жыйында эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө жана актуалдуу маселелерди чечүү боюнча бирдиктүү жол-жобону иштеп чыгабыз деп ишенем", — деди Мамин.

Казак премьери эки мамлекеттин ортосундагы товар айланууну 1 миллиард долларга чейин чыгарууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0