Токаев Кыргызстанга күзүндө мамлекеттик сапар менен келмекчи

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу учурунда. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков казак президенти Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келет. Бул тууралуу казак премьери Аскар Мамин Бишкекте өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында билдирди.

Мамин учурда Кыргызстанда расмий иш сапар менен жүрөт.

"Бүгүнкү жыйын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин күзүндө боло турчу мамлекеттик иш сапарынын алдында өтүп жатат", — деди Мамин.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 28-майда Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Токаевди расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0