БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Алар:
— "Элет Агрохолдинг" ЖЧКсы жана Continental Agro Trade ЖЧКсынын ортосундагы айыл чарба продукциясын сатуу жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
— "Хайтун" ЖЧКсы жана Continental Agro Trade ишканасынын ортосундагы айыл чарба продукциясын сатуу жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
— "Дордой Базары" ЖЧКсы жана Continental Agro Trade ишканасынын ортосундагы айыл чарба продукциясын сатуу жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
— АК ЭСК KazakhExport, AAEngineering Group жана "Глобал Жамгыр Майнинг" ишканалары ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим (экспорттук жеткирүүлөрдү камсыздандыруу);
— "ДАМУ" ишкердикти өнүктүрүү фондусу" АКсы менен "Кепилдик фонду" ААКсынын ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
— Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин ортосундагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
— VIII кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин протоколу;
— 2012-жылдын 11-майындагы Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында жана Казакстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протокол.
Эске салсак, Аскар Мамин кечээ, 12-июлда, Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келген. Анын алкагында өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, тараптар тар жана кеңири чөйрөдө талкуу кылып, сүйлөштү. Ошондой эле Мамин президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолукту.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаровдун инаугурациясын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитет бүгүн, 22-январда, салтанаттын жаңы сценарийин иштеп чыкты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Комитеттин жыйынында ант берүү аземинин программасына өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген.
"Инаугурация күнү жолдор жабылып кортеж болбойт жана банкет уюштурулбайт. Инаугурацияга арналган баннерлер жолго илинбейт. Чыгымдар болушунча үнөмдөлөт. Буга чейин айтылган 10 миллион сомдун жарымынан көп бөлүгү кыскартылат", — дешти маалымат кызматынан.
Каражатты үнөмдөө максатында башка дагы иш-чаралар программадан алынганы айтылып, бирок алардын тизмеси ачыкталган жок.
Белгилей кетсек, буга чейин 28-январга белгиленген президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталары айтылган. Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардын негизги көчөлөрү жабылган. Көп өтпөй унаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын-пикирлерди билдирген.Андан соң жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чыгымдарды азайтуу талабын коюп, чоң салтанат өткөрүүдөн баш тарткан.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда -4…-9, Таласта -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -2…-7, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында -2…-4 градус болот.