Ошто кыргыз-өзбек өкмөтү чек ара боюнча жолугушуу өткөрдү

Жазылуу
Жумушчу топтун жолугушуусунда айрым чек ара тилкелерин биргелешип жеринде текшерүү макулдашылды.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ош шаарында вице-премьер Жеңиш Разаков жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Эльёр Ганиев кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөштү.

Эки тараптын өкмөттүк делегациялардын жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу быйылкы жылдын 10-14-июль күндөрү өткөн.

"Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды. Ошондой эле айрым чек ара тилкелерин биргелешип жеринде текшерүү макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.

Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында болмокчу.

Буга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы делимитация боюнча эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0