ИИМдин Ички аскеринин штаб жетекчиси дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековНазначение и увольнение чиновников
Назначение и увольнение чиновников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички аскерлер өткөн жылдын күз мезгилинен тарта ИИМдин түзүмүнө өткөн.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. ИИМдин Ички күчтөрүнүн штаб жетекчиси — командачынын орун басарлыгына Дамир Алыбаев дайындалды. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба МВД КРИИМдин Ички күчтөрүнүн штаб жетекчиси — командачынын орун басарлыгына Дамир Алыбаев дайындалды
ИИМдин Ички аскеринин штаб жетекчиси дайындалды - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин Ички күчтөрүнүн штаб жетекчиси — командачынын орун басарлыгына Дамир Алыбаев дайындалды

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 10-сентябрында "Кыргызстандын ички аскери жөнүндөгү" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Ички аскерлер Улуттук гвардиянын курамынан чыгарылып, Куралдуу күчтөрдүн тутумуна кирген.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жунушалиев былтыр жазаланган ИИМ кызматкерлеринин санын айтты
2019-жылдын март айында Исламбек Кенжекулов аталган түзүмгө жетекчи болуп дайындалган.

Ал эми кийинки учурдагы жетекчи болуп дайындалган 41 жаштагы Алыбаев Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн подполковниги. 2000-жылы ИИМ академиясын, 2012-жылы Россиянын Коргоо министрлигинин Аскер университетин аяктаган.

Ички аскерлерде кызматын кайгуул ротанын взвод командири болуп иштөөдөн баштаган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

2014-жылы Улуттук гвардиянын карамагына киргенге чейин Ички аскерлер тапшырылган объектилерди кайтаруу, жарандардын, мамлекеттин жана коомчулуктун кызыкчылыгын коргоо милдетин аткарып келген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0