Бирок эртеси Түркмөнстандын Россиядагы элчилиги аталган өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымуxамедовдун каза болгондугу туурасында кабарды төгүндөдү.
Бул окуядан кийин Бердымухамедов тууралуу маалымат издегендер көп болсо керек. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги түркмөн башчысы тууралуу фактыларды даярдады.
Гурбангулы Бердымухамедов президенттиктен сырткары бир нече өнөрү менен белгилүү. Ок атып, гитара чертип, ырдап, ат жалында ойноп, дрифт кылып, ал тургай рэп ырдаган мезгилдери болгон.
Гурбангулы Бердымухамедов 1957-жылы 29-июнда Ашхабад облусундагы Көкө-Тепе районундагы Бабарап айылында туулган. Атасы Мяликгулы Бердымухамедов менен чоң атасы Бердымухамед Аннаев мугалимдикти аркалашкан. Энесинин аты Огулабат экендиги гана айтылат. Гурбангулы үйдүн жалгыз эркек баласы. Гүлнабат, Дурдынабат, Гүлжамал, Огульжамал жана Мяхри аттуу эжелери бар.
1979-жылы Түркмөнстан мамлекеттик медициналык институтунун стоматология факультетин аяктаган. Медицина илимдеринин доктору наамын алып, профессор болгон. Саламаттыкты сактоо министри кызматын да аркалаган.
2009-жылы президент болуп турганда Ашхабаддагы онкологиялык борбордун ачылышында кулактагы шишикти алуу операциясына ассистент катары катышканы айтылат. "Түркмөнстандын дары чөптөрү" аталышындагы китеби дагы чыккан.
26-декабрда Элдик кеңештин кезексиз жыйынында Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, вице-премьер президенттин милдетин аткарууга жана шайлоого катышууга укугу бар деп табылган. Агезде Гурбангулы Бердымухамедов вице-премьер болуп турган. Мындан улам өлкөнү башкарууга толук мүмкүнчүлүк жаралган.
2007-жылдын 14-февралынан, тагыраагы, 12 жылдан бери ажо болуп келе жатат. Үч ирет кайрадан шайланып, элдин көпчүлүк добушун алат.
Ал эми 2016-жылы Түркмөнстанда президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин узартылган.
Расмий эмес "Аркадаг" — колдоочу наамы бар.
Уулу Сердар Бердымухамедов ТИМ тутумунда эмгектенет, аталган мекемеде министрдин орун басары. Бир катар серепчилер Сердар мураскерликке даярдалууда деп болжолдошот.
Президенттин башка балдары боюнча маалымат өтө аз. Бир нече жыл мурда тун кызы Гүлжахон жолдошу Иласгельды Аманов менен Лондон шаарында жашары айтылган. Президентин күйөө баласы Түркмөнстандагы Көмүр-суутек ресурстарын колдонуу боюнча мамлекеттик агенттиктин Улуу Британиядагы өкүлү. Кичүү кызы жолдошу менен Парижди байырлай турганы айтылып жүрөт. Үчүнчү кызы тууралуу ЖМКлар жазбайт. Бердымухамедовдун төрт небереси бар.
Өмүрлүк жубайы Огулгерек ажо менен жашташ экендиги айтылат. Коомчулукка чыга бербейт. Түркмөнстандын башчысы шайлоо участогуна дагы балдары же туугандары менен келет.
Гурбангулы Бердымухамедов чыгармачыл адамдардын катарында. Ал ырдап, чыгарма жаратып, гитара чертип, аккордеондо ойнойт. Түркмөнстанда ар жылы апрелдин соңку жекшембиси ахалтекин аргымактарынын күнү катары белгиленип келет. Быйыл бул күндүн урматына ал небереси Керимгулы жазган музыкага сүйүктүү аргымагы Ровач тууралуу рэп ырдаган.
2018-жылы Жаңы жылда түркмөн ажосу чыгарманы англис, немис жана түркмөн тилдеринде аткарган. Ырдын сөзүн өлкө башчы өзү жазса, обонун анын небереси Керимгулы Бердымухамедов жараткан.
Түркмөнстандын президенти неберелери менен бирге жаңы ыр чыгарганы белгилүү болгон. Ошондой эле Азия оюндарынын гимнинин ээси болуп дагы саналат.
Бердымухамедов 15 жашында эркин күрөш боюнча Ашхабаддын чемпиону, бир жылдан кийин ок атуу боюнча республиканын чемпиону болот. Учурда ат чабыштарга, дрифт жарыштарына, ок атууга катышып турат.
Мындан тышкары, аргымактарга болгон сүйүүсүн "Ахалтектер — биздин сыймык жана даңк" деген китеп жазган.
Спортчуларга колдоосун дагы аябайт. Маселен, 2016-жылы Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарына катышкан "Галкыныш" атчандар тобунун жетекчисине 30 миң доллар, ал эми жакшы жыйынтык көрсөткөн спортчуларга жаңы автоунаа ачкычтарын тапшырган.
Ошондой эле "Спорт — достукка, сулуулукка жана ден соолукка карай жол" деп аталган китеп жазган.
2017-жылы Гурбангулы Бердымухамедовго Александр Невский атындагы орден тапшыруу учурунда диктор түркмөн башынын атасынын аты — Мяликкулиевич дегенди шар айта албай ыңгайсыз абал жараткан.
С третьей попытки: Диктор не сразу выговорил отчество Бердымухамедова во время награждения орденом Александра Невского pic.twitter.com/HXXvlA67qp
— Дмитрий Смирнов (@dimsmirnov175) 2 октября 2017 г.
Анда Россиянын президенти Владимир Путин Түркмөнстанга расмий иш сапары менен келген.
Гурбангулы Бердымухамедов ага чейинки президенттин учагын колдонуудан баш тартып, Сапармурат Ниязовду ташыган учакты Александр Лукашенкого сатып, өзү Boeing 777-200 учагы менен каттай баштаган. Аталган учак бир учканда 20 миң чакырымга чейин уча алат (Ашхабаддан Бишкекке жети жолу келип кетсе болот).
Түркмөн президентинин ден соолугу начарлаганы тууралуу имиштер 2013-жылы октябрда тараган. Кан басымы жогорулап кыйналары айтылган. Ал 2013-жылы апрелде аттан жыгылып, үч сутка бою ооруканада жаткан делинет. Бирок жыгылгандан кийин бир нече сааттан соң эл алдына чыгып, ден соолугу жайында экенин далилдеген жайы бар.
1. 2008-жылы Бердымухамедов өлкөдө айлардын жана жумалардын аталышын иретке салган. Мурдагы президенттин убагында январь — Түркмөнбашы, апрель — Гурбансолтан (Сапармурат Ниязовдун энеси — ред.), сентябрь — Рухнама деп аталган.
2. Былтыр 2018-жылы Түркмөнстанга кара түстөгү автоунааларды айдоого тыюу салганын ЖМКлар жазышкан. Расмий бийлик эмне үчүн мындай талап киргизилгенине түшүндүрмө берген эмес. Болгону ак түстөгү машиналар ийгилик алып келерин айтышкан. Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ак түстү жакшы көрөрү да айтылып келет.
3. Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурат Ниязов эл аралык аялдар күнүн майрамдардын катарынан алдырып салган. Бирок анын көзү өткөндөн кийин мураскери 8-марттын статусун кайтарган. 2017-жылдан тарта Бердымухамедов Аялдардын эл аралык күнүнө карата өлкөдөгү кыз-келиндерге акчалай белек берип келет.
Соңку күндөрү түндүк атлантикалык альянс Чыгыш Европада кескин түрдө активдешти. Бул Киев тарабынан Донбасска чектешкен жерге аскердик бөлүк жана техниканы алпарууга, ошондой эле өлкө ичиндеги россиялык күчтөрдү жайгаштырууга болгон реакция экенин эч ким жашырбайт. Аталган чек араларда эмне болуп жатканын Андрей Коц талдап көргөн.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ушул типтеги алты дрону бар. Дагы кошумча аппараттарды сатып алууга келишимге президент Владимир Зеленскийдин Түркияга болгон жакындагы эле иш сапарында кол коюлган. Мындан сырткары, батыш авиациясы дээрлик күн сайын Крымдын жээктерине байкоо салат.
Кара деңиздин бейтарап сууларын британиялык жана америкалык Boeing RC135W жана Lockheed P-3Corion радиоэлектрондук чалгындоо учактары, ошондой эле P-8Aposeidon айланат. Алардын негизги милдети – Кара деңиз флотунун кемелеринин багытына баам салып, жарым аралда уюштурулган аскердик топтордун абадан коргонуу позицияларын ачыктоо.
НАТО чөлкөмдө аскердик-деңиз күчтөрүн да бекемдөөдө. Апрелдин аягына дейре Кара деңизге АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн эки ракеталык эсминеци келүүгө тийиш. Пентагондун расмий версиясы боюнча кемелердин келиши "кадыресе мүнөздө". Бирок Кремль ага карата кескин көз карашта. Бул эсминецтер элүүдөн ашуун "Томагавк" канаттуу ракеталарын ташып жүрсө да таң калып болбойт.
Ушундай эле дагы бир бүйүр кызыткан суроого жооп боло элек: Киевге АКШнын аскердик-аба күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учактары ташып жаткан жүк эмне? Адистер FlightRadar интернет-сервисинин көрсөткүчтөрүнө көңүл бурушат, анда "АКШ, Германия жана Прибалтикадан учуп чыккан америкалык C-17 жана C-130 Борисполь аэропортуна конуп, жүгүн түшүрүп, кайра учуп кетип жатышканы" боюнча маалымат камтылат. Аскердик эксперт Алексей Леонковдун пикиринде, Украинага Вашингтон радиоэлектрондук күрөш комплекстерин жеткирүүдө, бул Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн тез арадагы чабуулунан кабар бериши мүмкүн. Ал АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн "Чөлдөгү бороон" операциясындагы тактикасын мисалга келтирди. Ошондо жаңжалдын алгачкы күндөрү америкалыктар Саддам Хусейндин армиясына көз ачырган эмес.
Ушундай эле версия Донбасс эл республикасынын жетекчилигинин жакындагы эле билдирүүсүндө да кездешет. Анда аймакка аскердик техникалардын жапырт алып келинип жатканын жашыруу үчүн украиналык күчтөр ЕККУ (Европа коопсуздук-кызматташтык уюмунун) миссиясынын учкучсуздарынын башкаруу каналдарын жана GPS датчиктеринин сигналдарын басаңдатып жатканы айтылат. Анткен менен Россия да буга кол куушуруп отуруп калбайт.
"Эгер кырдаал курчуп кете турган болсо, албетте, биз өзүбүздүн жана жарандарыбыз кайда жүрүшпөсүн, коопсуздугун камсыздай турганыбыз шексиз, — деп белгилейт Россия ТИМ орун басары Сергей Рябков. — Мындай болжолдуу тирештин кесепетине жоопкерчилик толугу менен Киевде жана анын Батыштагы кураторлорунда болот. АКШга да биз Крымдан, Кара деңиздеги биздин жээктерден алыс турууну эскертебиз. Бул алардын өзүнө эле жакшы".
Россиялык чек араларга жакын батыш өлкөлөрүнүн күчтөрүнүн активдешүүсүнүн дагы бир себеби — НАТОнун Defender Europe 2021 машыгууларына даярдыгы. Ал келерки айдын ортосунда башталат. Окуулардын уламышына ылайык, НАТОнун күчтөрү Калининград областын алып, Россиянын батыш областтарын бөгөттөп, ошондой эле "орустардын жапырт чабуулунун" мизин кайтарышмакчы.
Мурдагы жылдардагыдан айырмаланып быйыл Чыгыш эмес, Түштүк Европага өзгөчө көңүл бурулат. Машыгуулар Черногория, Косово жана Албанияда өткөрүлмөкчү. Болгария жана Румынияда абадан коргонуу жана "жер – жер" классындагы ракеталар менен атуу боюнча машыгышат. Ал эми Венгрия бекем тыл болмокчу. Бул жылкы аскердик окууларга украиналык аскер кызматкерлери да катышат.
Америкалыктар Европага бир топ күчтү, анын ичинде 1-кавалериялык жана 82-аба-десанттык дивизиянын бөлүктөрүн алып бармакчы. Атлантика аркылуу ар кыл багыттагы аскердик техниканын жүздөгөн бирдигин жеткирет. Булардан сырткары Флорида штатынан 53-пехоталык бригадасын да катыштырат. Мурдагы машыгууларда адат болуп калгандай эле бул ирет да куралдардын бир бөлүгүн америкалыктар Европада "унутуп калары" ажеп эмес. Адистердин көз карашында, Пентагон ушундай амал менен жыл сайын чөлкөмдө чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүдө.АКШнын Европадагы Кургактагы күчтөрүнүн расмий сайтында жарыяланган пресс-релизде быйылкы окуулар АКШнын НАТОдогу союздаштары жана өнөктөштөрүнүн ортосундагы стратегиялык жана ыкчам даярдыкты жана өз ара аракетти жогорулатууга багытталганы айтылат. Машыгуулар үчүнчү өлкөлөргө коркунуч туудурбай турганы баса белгиленет. Бирок Defender Europe 2021 окууларынын Россияга каршы күн тартиби айдан ачык.
Үч тараптуу байланыш тобундагы Украинанын спикери Алексей Арестович бул туурасында "окуунун маңызы Балтиядан Кара деңизге чейинки аймакта Россия менен согушка машыгууда" экенин ачык эле билдирген. Буга жооп катары Россия менен Беларусь сентябрда "Батыш – 2021" окууларын өткөрөрү турулуу иш. Мурда Беларусь коргоо министри Виктор Хренин билдиргендей, "чогуу машыгуулар жогорку урбанизацияланган жерлерде бирдиктүү штурмдук бөлүктөрдүн биргелешкен аракеттеринин жаңы ыкмаларын сыноого", ошондой эле "курал жана техниканын жаңы жана заманбап үлгүлөрүнүн майнаптуулугун баалоого" мүмкүндүк берет.
РФ коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, азырынча аталган өлкөнүн батыш чек араларына аскердик даярдыгын текшерүү алкагында эки армия жана аба-десанттык күчтөрдөн үч бирикме жеткирилген.
Пекин бул жалгыз эле Кытайдын эмес, жалпы дүйнө коомчулугунун пикири экенин билдирди. Ошону менен катар Россия менен Американы бири-бирин чектөөлөр менен кыйнай бербей, сөзгө келүүгө чакырды. Россия ТИМи Вашингтонго кандай жооп берерин да билдирди. АКШнын санкциялык тизмесине кирбеш үчүн "кимге иштеш" керек? Байден Путинге жайында жолугуп эмне тууралуу сүйлөшмөкчү?
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.
Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.
"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.
Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.
Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.