Жээнбеков менен Рахмон Ворухтан жолугушту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан менен Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон жолугушуу учурунда. Архив
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки президент сүйлөшүүсүн Чолпон-Ата шаарында улантмакчы.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон Тажикстандын Ворухунан жолугушту. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.

Маалыматта эки өлкө башчы чек арага жакын жашаган эл менен баарлашканы айтылат.

"Эки президент эми Исфарага жөнөйт. Жолугушуу кайра Чолпон-Ата шаарында уланат", — деп жазылат билдирүүдө.

Тажикстанга бара жатып Жээнбеков чек ара боюнча чыр чыккан Баткендин Ак-Сайына токтоп, жергиликтүү эл менен жолуккан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0