Жээнбеков Чолпон-Атада Рахмон менен жолукканда эмне деди? Жолугушуунун сүрөтү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЧолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү уланды
Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү уланды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Исфара шаарында кыргыз өкүлдөрүн чын көңүлдөн кабыл алганы жана меймандостугу үчүн тажик тарапка ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү уланды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сиздин келишиңиз эки тараптуу, пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошумча түрткү болот. Өз ара толук түшүнүүнүн жана ишенимдин кырдаалында өткөн кечээги сүйлөшүүлөргө биз канааттандык", — деген Жээнбеков.

Ал иш сапары учурунда Исфара шаарында кыргыз өкүлдөрүн чын көңүлдөн кабыл алганы жана меймандостугу үчүн тажик тарапка ыраазылык билдирген.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков и глава Таджикистана Эмомали Рахмон во время переговоров в городе Чолпон-Ата
Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү уланды - Sputnik Кыргызстан
1/5
Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү уланды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков и глава Таджикистана Эмомали Рахмон во время переговоров в городе Чолпон-Ата
Жээнбеков иш сапары учурунда Исфара шаарында кыргыз өкүлдөрүн чын көңүлдөн кабыл алганы жана меймандостугу үчүн тажик тарапка ыраазылык билдирген - Sputnik Кыргызстан
2/5
Жээнбеков иш сапары учурунда Исфара шаарында кыргыз өкүлдөрүн чын көңүлдөн кабыл алганы жана меймандостугу үчүн тажик тарапка ыраазылык билдирген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков и глава Таджикистана Эмомали Рахмон во время переговоров в городе Чолпон-Ата
Эске салсак, кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Жээнбеков менен Рахмон чек арага жакын аймактын эли менен жолугуп, бул жааттагы көйгөйлөрдү талкуулап, пикир алышкан - Sputnik Кыргызстан
3/5
Эске салсак, кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Жээнбеков менен Рахмон чек арага жакын аймактын эли менен жолугуп, бул жааттагы көйгөйлөрдү талкуулап, пикир алышкан
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков и глава Таджикистана Эмомали Рахмон во время переговоров в городе Чолпон-Ата
Чолпон-Атада Жээнбеков эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүт комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга чын ниеттен кубанычта экендигин билдирген - Sputnik Кыргызстан
4/5
Чолпон-Атада Жээнбеков эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүт комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга чын ниеттен кубанычта экендигин билдирген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков и глава Таджикистана Эмомали Рахмон во время переговоров в городе Чолпон-Ата
Рахмон Кыргызстанга келүүгө чакырган кыргыз тарапка ыраазылык билдирген. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Рахмон Кыргызстанга келүүгө чакырган кыргыз тарапка ыраазылык билдирген.
1/5
Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү уланды
2/5
Жээнбеков иш сапары учурунда Исфара шаарында кыргыз өкүлдөрүн чын көңүлдөн кабыл алганы жана меймандостугу үчүн тажик тарапка ыраазылык билдирген
3/5
Эске салсак, кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Жээнбеков менен Рахмон чек арага жакын аймактын эли менен жолугуп, бул жааттагы көйгөйлөрдү талкуулап, пикир алышкан
4/5
Чолпон-Атада Жээнбеков эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүт комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга чын ниеттен кубанычта экендигин билдирген
5/5
Рахмон Кыргызстанга келүүгө чакырган кыргыз тарапка ыраазылык билдирген.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Жээнбеков менен Рахмон чек арага жакын аймактын эли менен жолугуп, бул жааттагы көйгөйлөрдү талкуулап, пикир алышкан.

Чолпон-Атада Жээнбеков эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүт комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга чын ниеттен кубанычта экендигин билдирген.

"Эки тараптуу кызматташтык маселелерин чечүүдөгү жетишилген макулдашууларга биз чын ниеттен кубанычтабыз. Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти "жөнөкөйдөн татаалга карай", өз ара урматтоо принциптерин карманып, бири-бирибиздин кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүүнү макулдаштык. Биз ошондой эле регионалдык жана эл аралык проблемалар, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан маанилүү роль ойногон региондогу суу-энергетикалык маселелер боюнча пикир алмаштык", — деген Жээнбеков.

Рахмон Кыргызстанга келүүгө чакырган кыргыз тарапка ыраазылык билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков чек ара чырынан жабыркаган аксайлыктарга эмне убадалады. Баткенге сапар
"Бул жолугушуу кыргыз-тажик күн тартибиндеги олуттуу маселелер боюнча биздин ортобуздагы конструктивдүү диалогду улантууга жакшы мүмкүнчүлүк берди. Биз Кыргызстан менен болгон тыгыз иштешүүнүн туруктуу өнүгүшүнө кызыкдарбыз, биздин өлкөлөр ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди ырааттуу бекемдөөгө чоң маани беребиз. Тажикстан мындан ары да Кыргызстан менен саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин дагы бир жолу тастыктайт", — деп айткан Рахмон.

Эске салсак, Жээнбеков 26-июлда Рахмондун чакыруусу менен Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барган.

Эки мамлекет башчыларынын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын эң олуттуу маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланган.

Ак-Сайдагы чырдын таржымалы

Флаги Кыргызстана и Таджикистана. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Элге түшүндүрөлү. Чек ара чыры боюнча кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү сүйлөштү
22-июль күнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыккан. Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочулары чырдаша кеткен. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган болчу.

Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жарадар болгон.

24-июлда жолдор жабылып, нааразы болгон эл Баткен облустук администрациясынын алдына митингге чогулган.

25-июлда эртең менен тосулган жолдор ачылып, Баткен шаарына убактылуу көчүрүлүп келген 700дөй киши үйлөрүнө кайткан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0